Шанхай шаарында кечээ күнү Кытай төрагасы Ху Цзинтао менен Иран президент Махмуд Ахмадинежад өзүнчө жолугуп, эки мамлекет ортосундагы кызматташуу менен катар эл аралык маселелерди талкуулады. Иран өндүргөн мунай жана газды Кытайга жеткирүү иштери да каралды, андай кызматташуу боюнча контракттардын жалпы баасы 100 миллиард долларга жетиши мүмкүн.