Бириккен Улуттардын расизм жана ксенофобия боюнча атайын өкүлү Дуду Диене кечээ күнү Маскөөдө журналисттер менен жолугуп, өлкөдө улам өсүп бараткан чет өлкөлүктөргө каршы маанай тууралуу тынчсыздануусун билдирди: "Экономикалык жана социалдык кризис идеологиялык вакуум жана улутчулдук менен кошулганда, расисттик жана ксенофобиялык идеяларды туу көтөргөн саясий партиялар жана айрым адамдар тобунун пайда болушуна алып келген", - дейт Диене. Үстүбүздөгү жылы эле улутчулардын колунан Орусияда 18 адам өлдү жана жүзгө жакын киши жараат алды.