Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

БАРКТАБАСОВ ЭЛГЕ ТАРАТКАН КАРЫЗ АКЧАСЫНАН КЕЧТИ


Султан Каназаров, Бишкек Мындан бир жыл мурун 17-июнь күнү президенттике талапкер болгусу келген ишкер Урмат Барыктабасовдун миңдеген жактоочулары өкмөт үйүнүн жетинчи кабатына чейин кирип келишкен эле. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы Барктабасовду Казакстандын атуулу деген негизде президенттикке талапкерликке каттабай койгондугуна нааразылык билдирип чыгышкан. Милиция күчтөрү аларды кууп чыгып, Барктабасовдун өзүнө мамлекеттик төнкөрүш уюштурууга аракет кылды деп айыптап, кылмыш иш козгоп, алиге чейин издөө салып келатат. Издөөдө жүргөн саясатчы жакында Кыргызстандын калкына салам жолдоп, шайлоо алдында элге тараткан карыз акчаларынан кечкенин билдирди.

Бир жыл мурун Бишкекте өкмөт үйү “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жактоочулары тарабынан басып алынган эле. Аталган партиянын жетекчиси Урмат Барыктабасов президенттик шайлоого катышуудан четтетилгенде анын жактоочулары нааразылык акциясын уюштуруп, 17-июнда Өкмөт үйүнүн жетинчи кабатынан чейин чыгып кетишкен.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун Урмат Барыктабасовдун талапкер катары катталбай калышы менен макул эместигин айтып, бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырган, бирок өкмөт имаратына кирип алган калың топ сыртка чыгуудан баш тарткан.

Сүйлөшүүлөр натыйжа бербеген сон, милиция өкмөт үйүнүн ичиндеги элди Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу көз бууган газ колдонуу менен кууп чыккан.

17- июндагы окуяны ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев Акаевди кайра бийликке алып келүүнү көздөгөн күчтөрдүн мамлекеттик төнкөрүш жасоо аракети катары баалаган эле.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын координациялык кеңешинин катчысы Чоюн Өмүралиев өз кезегинде нааразылык акциясына чыккандардын өкмөт үйүн басып алуу планы болгон эмес деп айткан. Анын божомолунда ак үйдү басып алуу үчүнчү күчтөрдүн аракетинин натыйжасы болгон.

Өкмөт үйүн басып алгандарды баштап жүргөн бир катар адамдардын үстүнөн кылмыш иштери козголгон. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын координациялык кеңешинин жетекчиси, экс спикер Мукар Чолпонбаев камакка алынган. Урмат Барыктабасовго издөө жарыяланган. Бул экөөнө конституциялык түзүлүштү бузуу, мамлекеттик төнкөрүш жасоого аракет кылды деген күнөө коюлган.

Издөөдө жүргөн Урмат Барыктабасовдун элге жолдогон кайрылуусун 17-июндун алдында «Агым» гезити басып чыкты. Урмат Барыктабасов президенттик шайлоо астында Кыргызстандын жарандарына жылына беш пайыз менен жалпысынан 280 млн сом кредит таратканын белгилеп, ошол кредиттерден кечкендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG