Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

ТҮНДҮК КОРЕЯ РАКЕТА УЧУРГАН ЖОК


Жаңыл Жусубжан Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынаганы тууралуу кабар түшкөн жок. Жапания менен Кошмо Штаттары өлкөнү сынакка жол бербестен, сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырышууда.

Буга чейин узакка учуучу ТеоПодоң ракетасы бүгүн атылат деп маалымдалып жаткан эле. Жапониянын тышкы иштер министри Таро Асо эгер Түндүк Корея сыноо өткөрсө, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылаарын эскерткен. Ал ошондой эле эгер түндүк кореялык ракета жолдон кокус өз аймагына түшүп калса, муну Токио кол салуу деп эсептей тургандыгын да катуу айтты. Министр буга кандай чара көрүлөөрүн тактап айткан жок, бирок "катаал жооп" кайтарылаарын кошумчалады.

Кечээ АКШнын Жапониядагы элчиси Томас Шиффер ракета учуруу Түндүк Кореянын өзүнө эле кедерги болоорун мындайча белгиледи:

- Түндүк кореялыктар бул провокацияга жол бербейт, тескерисинче алар алты-тараптуу сүйлөшүүгө кайтып келет деп үмүттөнөбүз. Ал сүйлөшүүдөн майнап чыгышы мүмкүн, бирок түндүк кореялык ракетанын учурулушу өлкөнү эл аралык коомчулуктан азыркыдан да обочолонтот.

Ал эми Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Шон МакКормак Түндүк Кореянын ракета сынагын көзөмөлдөгөнгө Кошмо Штаттарында ар кыл мүмкүнчүлүктөр бар экендигин бышыктады.
Пхенян 98-жылы 2 миң чакырым аралыкка жетүүчү ракетасын Жапониянын үстүнөн учурган. Токио жана башка өлкөлөр Түндүк Кореянын буга даяр экендигин күткөн эмес.

XS
SM
MD
LG