Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

ЧЕЧЕНСТАН: ЖИКЧИЛДЕР ЛИДЕРИ САЙДУЛЛАЕВ ЖОК КЫЛЫНДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Чеченстанда ишемби күнү «Ичкерия президенти» делген жикчилдер лидери Абдул Халим Сайдуллаев жок кылынды. Ошондон бери Аргунда аны менен кошо болгондорду кармоо операциясы улантылып атат. Орусиянын ФСБ жетекчиси Николай Патрушев белгилегенге караганда жикчилдер лидерин буктурмалоо маалында анын жанында бир нече жикчилдер болушкан. Атышуу малында Сайдуллаев жана федералдык эки кызматкер окко учушкан. Былтыр март айында «Ичкериянын президенти» Аслан Масхадов жок кылынгандан кийин чечен жикчилдери Сайдуллаевди ал орунга шайланган болуучу.

Чечендик жикчилдер дагы бир жолу жетекчисинен айрылышты. Ал туурасында Чеченстандын маскөөлүк өкүмөт башчысы Рамзан Кадыров ИНТЕРФАКС агенттигине «Террорчулардын башчысы жок калынды. Эми мындан ары алар эсин жыя алышпайт», - деп билдирди.

Кечээ биздин үналгыга айткан жообунда Лондондо бозгунда жүргөн "Ичкерия өкүмөтүнүн" тышкы иштер министри Ахмет Закаев маркум Сайдуллаевдин орду бош калбасын билдирди:

«Ушул мөөнөттөн тартып Чечен жумуриятынын жетекчилик милдетин буга дейре вице – президент болуп келаткан Доку Умаров аткарат», - деди Закаев мырза.

Андан аркы кебинде Федералдык күчтүн Сайдуллаевди жок кылышы «саясий максатта киши өлтүрүүчүлүк болду», - деп баалады. Анын айтканына караганда «жок кылынган «президент» чындыгында алды артын карап иш кылган, чырдашуудан качкан лидер болгон. Маскөө ошону учурунда баалай албады. Орусиялык атайын кызматтагылар менен болгон теңдешсиз кармашта ал жалтанбай ок атышып атып жан берген. «Ал өлүмдү, куду өзүнө чейинки (президенттер – ММ) Жохар Дудаев, Зелимхан Яндарбиев жана Аслан Масхадов сыңары абийирдүү тосуп алды», - деди эле.

Ошентип, чечен жикчилдер башын коштура турган киши эми Доку Умаров болот дешет. Баса, «Кавказдык түйүн» сайты жазганга караганда анын эл алдында баркы Шамил Басаевдикинен кем эмес.

Орусиялык лидер Владимир Путин болсо үстүдө жылдын жакасында журналисттер алдында «Чеченстан жумурияты толук бойдон Орусия федерациясынын Конституциялык мейкиндигине кайтарылып келинди», - деген эле.

Анализчилер арасы Сайдуллаевдин мерт болушунан улам эки башка ой жорушууда. Орусиялык саясий жана согуштук жагдайды талдоого алуучу институттун эксперти Сергей Маркидонов бул маселени исламчыл маанайдын Кавказ тарапта арбышынан деди.

«Чеченстандагы кыймыл эң башкысы эмес. Ал, болгону борбору Дагстанда жайгашкан, исламдык кыймылдын бир бөлүгү», - дейт Маркидонов мырза.

Дагы бир болжол айткандар «лидеринин артынан лидеринен ажыроо жикчилдерди радикалдуу жолго түртөт. Масхадовдун көзү тазаланганда чечендердин жашыруун өкүмөтү террорчу Басаевди биринчи вице-премьер кылып шайлаган. Эми ал чечендердин жашыруун өкүмөтүнүн лидери болуп калышы торлук ыктымал», - дешет.

XS
SM
MD
LG