Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

«ҮЧ КАРАГАЙДЫН ОРТОСУНДА…»


15-июлда үч түрдүү жаңы Конституциянын долбоору президентке сунушталат. Бул тууралуу Башмыйзамды даярдоочу жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаров дүйшөмбүдөгү парламент жыйынында маалымдады.

Азимбек Бекназаров баштаган жумушчу топ башкаруунун президенттик, парламенттик жана да президенттик-парламенттик аралаш формасын камтыган үч түрдүү Башмыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Кийинки аптадан тарта жумушчу топ мүчөлөрү аны элге алып чыгып тааныштырууга киришмекчи.

- Бүгүн-эртең президентке да берип коелу деп жатабыз. Бул өткөөл долбоор. Мындан кийин дагы 10 күн элди кыдырып, элдин пикир, сунуштарын билип келгенден кийин биротоло олтуруп, июлдун он бештеринде президентке тапшырабыз. Ошол өткөөл долбоорлорду да сиздерге таратып, сиздердин пикирлерди да угуп коелу деген максатта алдыңарга чыгып жатам,- дейт Азимбек Бекназаров.

Буга чейин Башмыйзамдын президенттик жана парламенттик формасын камтыган эки долбоорун «Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясынын жетекчиси Кубатбек Байболов баштаган адистер тобу коомчулукка сунуш кылышкан. К.Байболов Башмыйзамдын жаңы варианттарынын саны арбып баратканы менен, алардын окшоштук менен айырмачылыктарынын баары өкмөттү ким дайындап, ким кызматка аларына гана байланыштуу деген пикирде.

- Бир эле ток этер жери бар. Бийлик формасы ким өкмөттү кызматтан кетиришине байланыштуу аныкталат, белгилүү болот. Калганынын баары тең биздин Конституцияда бар. Анын баарын убара болуп кайталаштын кереги жок. Биз орусча айтканда, үч карагайдын ортосунда эле чаташып калдык. Алды менен коомдогу саясий күчтөрдүн арасында ымалага келип, өкмөттү шайлоодо жеңген партиялардан парламент түзөбү же мурункудай эле президент түзөбү, ушуну чечип алсак, болду, баары өз ордунда туруп калмак.

1993-жылкы Конституция ишке киришкенден жыл өтпөй аны жаңылоо аракетинен эмдигиче жол тийбей келатат. Башында чоң талаш мыйзам чыгаруу бийлигинин айрым ыйгарым укуктарын президенттин өзүнө энчилеп алышынан улам чыгып келсе, бул ирет өкмөт кимдин колунда болору өзгөчө кызыгууну жаратууда.

А.Бекназаров жетектеген жумушчу топ даярдаган Конституциянын үч долбоору деле тирешкен саясий күччтөрдү ымалага келтирип, кыйладан бери талаштан арыла албай келаткан маселенин башын ачып ийиши кыйын, дейт 2005-жылкы Конституциялык кеңешменин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев.

- Бул комиссия болгону жумушчу орган. Бул саясий орган эмес. Бул топтун өлкөдөгү саясий топтордун пикирин кошуп, элдештирүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Бул президенттин алдындагы үчүнчү жумушчу орган. Мындан кийин да жумушчу комиссия түзүп сунуш иштеп чыга бергенден биз тажадык. Арадан бир жыл өттү. Мына ушул үч варианттын бирин тандап алышыбыз керек.

Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин түзүлгөн Конституциялык кеңешме талаш-тартыштан башы чыкпай, иш создугуп бараткан соң Кыргызстанга башкаруунун кандай формасы ылайык экенин эл менен кеңешип чечип алуу зарылдыгын аныктап, президент жарлыгы менен жумушчу топ түзүлгөн. Бирок да толгон-токой жаңы долбоорлордун арасынан кайсынысын тандап алуу маселеси да азырынча чечиле элек. Саясий күчтөрдүн мунасасынан өткөн жаңы долбоорду парламент кабыл алабы же мурдагы көнүмүш боюнча элдик референдумга коюлабы, бул да азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG