Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

20-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1789-жылдын бу күнү айтылуу кыргыз элчиси Абдрахман Кучаков дүйнөдөн кайткан. 1933-жылдын бу күнү ВКП (б) Кыргыз обкомунун VII пленуму ишин аяктады.

1789-жылдын бу күнү айтылуу кыргыз элчиси Абдрахман Кучаков дүйнөдөн кайткан. Ал буга чейин, ушул эле жылы элчилик менен Петербург шаарына барып, андан Омскиге кайтып келген. Абдрахман элчи катуу оору экендигине карабастан, 5 жыл мурда уурдалып учу узарып келаткан «кербен карагын» териштирүүгө киришкен. Балким, анын мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы да элчилик кездеги катаал турмуш запкысы болсо керек.

1897-жылкы орус өкмөтүнүн тыюу салуусуна карабастан, Пишпек уездине Россиянын европалык бөлүгү менен Сибирь аймагынан жер которгондордун аягы сууган жок. Алар негизинен Чүй өрөөнүнө жайгашып, мындагы жергиликтүү калк жана мурда көчүп келген орус тургундары менен тил табыша алган эмес. Ошондуктан эски жер которгондор алардын айыл-кыштактарын: Дуровка, Самодуровка, Самовольный поселок, Свинячья выселка деп атап алышкан.

1920-жылдын 20-июнунда Нарын уезддик-шаар партиялык конференциясы ишин баштаган.

1933-жылдын бу күнү ВКП (б) Кыргыз обкомунун VII пленуму ишин аяктады. Партия пленумунда Кыргызстан партиялык уюмунун иш милдеттери, учурдагы оруп-жыю компаниясынын аткарылышы, маданий турмуш, элге билим берүү жана «Кара күңгөй» айлындагы партиялык ячейканын иши сыяктуу маселелер каралган.

1937-жылы аз сандуу фрунзелик архитекторлор республикалык маалымдоо каражаттары аркылуу өз кесибине карата сын айтып чыгышты. Алар азыркы убакка чейин шаардын курулуш планы жок экендигин, имараттар тушкелди курулуп атканын, алардын фасаддары көңүл иренжигендей кооздолгондугун ачыкка чыгарышты.

20-июнь африкалык качкындар күнү катары белгиленип, 1861-жылы англис биохимиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Фредерик Гоуленд Хопкинс, 1927-жылы мультипликатор Вячеслав Котеночкин, 1932-жылы таанымал акын Роберт Рождественский, 1934-жылы жазуучу, ырчы Юрий Визбор, 1940-жылы жазуучу, сынчы Даирбек Казакбаев жарык дүйнөгө келсе, 1975-жылы жазуучу, драматург Касымаалы Бектенов дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG