Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫН ҮЧҮНЧҮ ӨЛКӨГӨ ЧЫГАРУУГА АРАКЕТТЕР ТОКТОБОЙТ


Качкындарды Өзбекстанга өткөрүп берүүгө Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссия да каршы чыгууда. Комиссия төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, Жогорку Соттун качкындарды Өзбекстанга өткөрүп берүү тууралуу чечимдери Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келет. Ошондуктан, президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссия качкындарды үчүнчү өлкөгө чыгаруу боюнча аракеттерди жасайт.

Кыргызстанда калган төрт өзбек качкындарынын акыркысынын качкын макамын сураган арызын ушул айдын башында Жогорку Сот канааттандырбай четке каккан. Буга чейинки үчөөнүн деле арызына ушундай жооп болгон. Эми Жогорку соттун чечиминен кийин алар өзбек бийликтерине кайтарылып берилет деп укук коргоочу уюмдар кабатырланып турушат.

Кыргыз бийлиги КМШ мамлекеттеринин ортосундагы кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдер талабы боюнча кылмыш кылган деп айыпталган адамдарды алардын мамлекеттик бийлигине өткөрүп берүүгө милдеттүү экенин белгилеп келатат. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Токтогул Какчекеев Азаттыкка сүйлөгөн сөзүндө соттун чечими акыркы бүтүм экенин белгилеп, демек, иш аларды келген жагына кайтаруу жагына имерилгенин билдирген.

Өткөн жылы май айында Анжиянда болгон кандуу окуядан кийин Кыргызстанга беш жүздөн ашык качкындар кирип баш калкалашкан. Алардын ичинен төртөөнөн башкасы эл аралык уюмдардын жардамы менен Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө алынып чыгып кеткен. Калган төртөө адам өлтүрүүгө байланышкан оор кылмыштарга катышы бар деп өзбек бийликтери тарабынан айыпталып жаткан үчүн аларды кыргыз бийлиги колдон чыгарган эмес. Ош шаарындагы убактылуу тергөө изоляторунда камакта кармалып турушкан.

Укук коргоочулар качкындар кайра артка кайтарып берилсе өзбек бийлиги аларды кыйноого алат, аларды адам укугун тепселеген аракеттер күтүп турат деп кабатырланышууда.

-Аларды Өзбекстанга кайтарууга болбойт. Анткени, анда Кыргызстан кыйноолорго каршы эл аралык конвецияны бузган болуп эсептелет,- дейт "Адилет" укук коргоо уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова.

XS
SM
MD
LG