Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН РЕКТОРУ КЫЗМАТЫНА ОН БИР ТАЛАПКЕР АТ САЛЫШАТ


Кыргызстандагы эң улуу жана ири жогорку окуу жай болуп саналган Улуттук университеттин ректору кызматына он бир талапкер катталды. Шайлоо 29-июнга белгиленген.

Улуттук университеттин ректору кызматын аркалагысы келип жаткан он бир талапкердин тогузу улуттук университеттин өзүндө иштешет. Алардын катарында ушул окуу жайды жетектеп кете алам деген дымагы бар Амангелди Бекбалаев, Алыбек Акунов, Айылчы Сарыбаев, Мустафа Кидибаев, Жанат Жаманкулов, Рысбек Өмүрканов, Искендер Исамидинов сыяктуу окумуштуулар бар. Булардын бир даары мурда ректорлук кызматта иштеп кеткендер. Ал эми сырттан Америка университетинин профессору Бобышев Темирбек менен Улуттук аттестация комиссиясынын төрагасы академик Алтай Бөрүбаев ат салышууда. Алар азыркы кызматына өткөрүп бербестен эле шайлоого катыша ала турган болду. Шайлоо комиссиясы Билим берүү тууралуу мыйзамга таянып ушундай чечим кабыл алды.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн айтымында талапкерлерди көрсөтүү демократиялык шартта өткөрүлдү. Комиссиянын өкүлү Салтанат Турсунованын айтымында ректорду шайлоону таза мыйзамдуу ачык-айрымдыктын шартында өткөрүү үчүн бардык шарттар көрүлгөн.

-Баардыгы демократиялык жол менен кетүүдө. Коллектив талапкерлерди көрсөтүүнүн формасын ачык же жабык кылып өткөрүүнү да өздөрү тандап алышты. Илимдин доктору же кандидаты деп дагы чектеген жокпуз. Бизде биринчи жолу көп талапкер ат салышкан демократиялуу шайлоо өтөт деп турабыз,- деди Салтанат Турсунова.

Кыргызстанда мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын талабы боюнча шайлоо жолу менен тандалып алынат. Бирок, буга чейин башка окуу жайларда болгон шайлоолор таза өтпөй, коррупция коштоп, жердешчилик аралашып кетти деп нааразылык чыгып, министрликке арыздар жааган. Ушул жазда ректорлордун жыйынында мамлекеттик окуу жайлардын жетекчилерин мурдагыдай дайындоо жолуна кайтып келүү жөнүндө да сунуштар болгон. Бирок, демократиялык коомдун шартына ылайык ректорлорду шайлоо жолу менен тандоону сактоо керек деген чечимге келишкен.
XS
SM
MD
LG