Дүйшөмбү, 19-июнда Арктикадагы алыскы аралда өткөн салтанатка түндүктөгү 5 мамлекеттин өкмөт башчылары келишти.Тоонун этегинде казылган үңкүрдө үрөндүн 3 миллионго жакын түрү сакталмакчы.
Норвегиянын премьер-министри Йенс Столтенберг “Чакан көчөттөн залкар дарак жаралат” деген байыркы макалды эске салды:
"Мындай камылга өзгөчө өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн маанилүү. Ал өлкөлөрдүн жаратылышы бай болгону менен, биологиялык көп түрдүүлүктү сактап калууга чамалары чектелүү, күн сайын алардын табигый ресурстарына чоң зыян келтирилет".
Дүйнөдө 1 миң 400гө жакын үрөн банктары бар. Алардын басымдуу көпчүлүгү улуттук запастар.
Бирок аларды согуш, жаратылыш кырсыктарынан же каражаттын тартыштыгынан коргоп калуу кыйын.
Универсалдуу банк түзүү демилгеси мындан бир нече жыл мурун пайда бологон.
Норвегиядагы Шпицберген Архипелагы андай банк үчүн эң ыңгайлуу жай болуп бермекчи.
Анын курулушу үчүн Норвегия өкмөтү 3 миллион доллардан ашуун каражат сарптамай болду. Бирок ал кампаны БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму менен Үрөөндөрдүн көп түрдүүлүгү боюнча глобалдуу трест деп аталган мекеме иштетет.
Анын төрагасы Кэри Фоулердин айтымында, үрөндөр жүздөгөн, балким миңдеген жылдар бою сакталып тура берет.
"Үрөндөр минус 20 градуска чейин муздатылат. Бул – оптималдуу шарт. Бирок жабдыктар иштен чыгып калса, кампанын айланасындагы суук абанын өтө жылып кетишине жол бербейт. Ошентип үрөндөр айлап, жылдап коопсуздукта сакталат".
Ал эми кимдир бирөөлөр “алтын запаска” кол салабыз дешсе, кампаны кайтарган ак аюулар менен беттешүүгө туура келет.