Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

21-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1919-жылдын бу күнү Пишпек уезддик Аткаруу комитети эмгекке жарамдуу калкты талаа иштерине тартуу туурасында Чечим кабыл алды. 1934-жылдын бу күнү Кыргыз ССРинин мамлекеттик көркөм сүрөт музейи ачылган.

1918-жылдын бу күнү Верный шаарында «Вестник Семиреченского трудового народа» аттуу областтык гезиттин биринчи саны жарык көрдү. Гезит бетинде Жетисуу өрөөнүндөгү социалисттик курулуш, жаңы заман жардыгы жана мында жасалган партиялык уюмдун иштери чагылдырылган.

1919-жылдын бу күнү Пишпек уезддик Аткаруу комитети эмгекке жарамдуу калкты талаа иштерине тартуу туурасында Чечим кабыл алды. Мындай чечим чыгарылышына, революциялык алаамат айынан кыйраган чарбаны калыбына келтирүү жана улам өсүп аткан калк керектөөсүн канааттандыруу маселелерин ыкчам аткаруудан келип чыккан.

1934-жылдын бу күнү советтик сүрөтчүлөр союзу уюшулуп, анын алкагында Кыргызстандык сүрөтчүлөр биримдиги пайда болгон.

1934-жылдын бу күнү Кыргыз ССРинин мамлекеттик көркөм сүрөт музейи ачылган. Жогоруда аталган эки уюмду айтылуу сүрөтчү Семен Чуйков жетектеп, экиси тең Эмен паркындагы, мурдагы Никольский чиркөө имаратында орун алган.

1954-жылдын 21-июнунда сүрөтчү Гапар Айтиев менен скульптор Ольга Мануйловага Кыргыз ССРнын эмгек сиңирген сүрөтчүсү деген ардактуу наам ыйгарылган. Буга чейин Кыргызстанда мындай наам жалгыз Семен Чуйковдо гана болгон экен.

1994-жылдын бу күнү Кыргызстан тышкы иштер министри Аскар Айтматов Кытай Элдик Республикасынын ыйгарым укуктуу элчисине Кыргыз Республиасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн тапшырды. Билдирүүдө Кыргызстан бейядро өлкө катары Кытайдагы эки жыл ичинде үч ирээт ядролук жардыруулардын жасалышына кабатырлангандыгы айтылат.

1633-жылдын бу күнү Галилео Галилей инквизиция сарайына камакка алынып, мындан 55 жыл мурун, 1946-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун аялдардын абалын иликтеген комиссия уюшулган.

Бу күнү, 1816-жылы француз математиги Симеон Дени Пуассон, 1891-жылыиталиялык инженер, армоцемент идеясын ишке ашырган Пьер Луиджи Нерви, 1910-жылы Александр Твардовский жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG