Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

ТАМЧЫДАГЫ АБА МАЙДАНЫН КУРУУ МИЛДЕТИН АЛУУГА МОСКВА БИЙЛИГИ ДАЯР ЭМЕС


Тамчы айлындагы Ысыккөл аэропортун эл аралык деңгээлге көтөрүү боюнча кыргыз өкмөтү Москва шаарынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кечээ кечинде аталган аэропортко барып таанышкан Москва шаарынын мэри Юрий Лужков аэропортту кеңейтүүгө үлкөн суммадагы каражат кетерин айтып, бирок сарпталган акчаны кайтарып алуу узак мөөнөткө созуларын белгиледи.

Сүрөттө : Москва шаарынын мэри Юрий Лужков Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө “Данакер” ордени менен сыйланды.

АН-24 самолету менен Ысыккөл аэропортуна келип конгон Москва шаарынын мэри Юрий Лужков Ысыккөлдө биринчи жолу болуп жаткандыгын белгилеп, кыргыз жеринин кооздугуна суктануусун билдирип кетти. Ал эми Ысыккөл аэропортун эл аралык деңгээлге көтөрүү тууралуу маселе оңой эле чечиле койбосун, бул көп каражатты талап кыларын белгиледи:

-Биздин негизги ишибиз—жердин кооздугуна суктанбай, облустун жетекчиси, өкмөт башчысы жана биздин адистер менен чогуу аэропорттун курулушу жана ага салынуучу акчанын кайтарылышы тууралуу талкулоо. Анткени бул аэропортту кеңейтип, аны эл аралык деңгээлге көтөрүү үчүн жумшалуучу каражат аз акча эмес. Ага сарпталуучу 53 млн доллар акчаны кайра 4-5 жылдын ичинде инвесторлорго кайтаруубуз керек. Башка кошумча ресурстарды эске албаганда, аэропорттун өзү бул каражатты 20 жылга чейин актап берет деп айтууга кыйын. Биз мына ушул маселе тууралуу сүйлөшүүбүз керек.

Москва шаарынын мэри сүйлөшүүлөр ал Кыргызстандан кеткенге чейин аягына чыгуусу мүмкүн экендигин кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү Москва шаарынын жетекчилигине аэропортко кошумча эс алуу жайын куруу үчүн Ысыккөлдүн жээгинен 400 гектар жерди узак мөөнөткө ижарага сунуштап жатат. Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгул Өмүралиевдин берген маалыматы боюнча сунуш жарым жыл мурун берилген.

Москва шаарынын эл аралык байланыштар департаментинин жетекчисинин орун басары Борис Силаев Лужковдун Кыргызстанга иш сапары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн башы гана деп билдирди:

-Биз бардыгын көрүп чыккандан кийин андан алынган таасирлер боюнча баарын эсептеп чыгабыз. Бул жагдайда тиешелүү кишилерге тапшырмалар берилет. Андан кийин гана чечим кабыл алынат,-
-деди Борис Силаев.

Москва шаарынан келген делегация бүгүн кайра Бишкекке, ал жактан Орусияга жөнөп кетет.

Тамчы айлында жайгашкан Ысыккөл аэропортунун ишке киргенине үч жыл болду. Азырынча бул аба майданына Ош, Ташкент, Алматы шаарларынан учуп келген ЯК-40, АН-24 сыяктуу чакан учактар коно алышат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG