Керимбек сүрөтчүнүн сүрөттөрүнүн негизги темасы жер үстүндөгү түбөлүктүү жашоо. Маселен адам баласынын төрөлүшүн, анын коомдогу ордун жана табияттын кооздугун башкача айтканда сүрөтчүнүн жашоого болгон философиялык көз караштарын чагылдырган сүрөттөр. Керимбек мырза өнөрүнүн аркасы менен бир топ жерлерди кыдырып, ар кандай сүрөт фестивалдарына катышып, байгелүү орундарды алып келген. Алсак Жапониянын Кочи, Франциянын Авиньон, Словениянын Люблин, Германиянын Магдебург, Бангледештин Дакка, жана Санкт-Петербург, Москва, Алматы шаарларында өткөн эл аралык көргөзмөлөргө катышып, сыйлыктарга ээ болуп кайткан. Анын дагы бир чет өлкөгө болгон маанилүү иш сапарын айта кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Американын Сес Артслинк борбору өткөргөн сынакта жеңип алып аталган өлкөгө тажрыйба алмашканга барып келген.
-Американын Гермонт деген штатына он алты, он жети мамлекеттен келген көркөм өнөр адамдары чогулду. Андан тышкары Американын штаттарынан келген чыгармачыл адамдар болушту. Иш-чаранын алкагында ачык эшик күндөрү болуп, каалагандар көргөзмөлөрүн ачып жатышты. Мен да ал сүрөтчүлөрдүн катарында кыргыз элин, жерин чагылдырган сүрөттөрдөн турган чакан көргөзмөмдү ачтым. Бир айга созулган бул чыгармачылык сапарымда көптөгөн мамлекеттердин көркөм өнөр ээлери менен таанышып, пайдалуу жаңы нерселерди үйрөнүп кайттым.
Ал эми бул жылы Керимбек Букар Польшанын Краков шаарында өтө турган басма графика боюнча Краков-2006 эл аралык триенналеге чакыруу алып, кызуу даярданып жаткан учуру. Бир катар мамлекеттердин сүрөтчүлөрү катыша турган бул иш чара Краков шаарында ачылып, Австрия жана Германия өлкөлөрүндө улантылат. Ал эми аталган Австрия мамлекетинин графиканы аркалаган сүрөтчүлөрү, түзүлгөн келишимдин негизинде үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргызстанга келишип кыргыз сүрөтчүлөрү менен тажрыйба алмашышат. Керимбек сүрөтчү мурдагы союздук республикалардын ичинде Кыргызстанда литография устаканасы сакталып калган. Бул устакана кыргыз графикасын сактап, өнүктүргөнгө чоң таасирин берди дейт. Анын айтымында сүрөтчүлөр каражаттын тартыштыгына карабай ар бири өз аракеттерин көрүшүүдө, ал эми кыргыз сүрөт өнөрүндөгү графика тармагы өнүгүүдө. Маселен, Орусиянын Новосибирск шаарында өткөн, отуз беш мамлекеттин сүрөтчүлөрү катышкан эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандан барган графика өнөрүн аркалаган алты сүрөтчүнүн үчөөсү сыйлык менен кайтышкан.
«Андыктан келечекте мындай байгелердин далайын багынтып, кыргыз графика өнөрүн бийик деңгээлге чыгарабыз»,- дейт Керимбек Букар.