Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

22-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1941-жылдын бу күнү адамзат үчүн XX кылымдын алааматы аталган Улуу ата мекендик согуш башталды. 1925-жылдын 22-июнунда Абдыкерим Сыдыков төртүнчү ирет партия катарынан чыгарылган.

1941-жылдын бу күнү адамзат үчүн XX кылымдын алааматы аталган Улуу ата мекендик согуш башталды. 22-июнда фашисттик Германия Советтер Cоюзуна кол салып, төрт жылга уланган кандуу согуш жол салынды. Улуу согушка миңдеген кыргызстандыктар катышышып, фашисттик Германиянын жеңилишине өз салымдарын кошушкан.

1864-жылдын бу күнү Кокон хандыгынын аталыгы, иш жүзүндө хандык эгеси Алымкул орус падышалык аскерлери эки тараптан багыт алып Чымкентке жөнөшкөндүгү туурасында кабар уккан. Ал аскер топтоп, Кокондон чыгып аларга каршы туруп, Ташкент үчүн салгылашта Алымкул аталык оор жаракат алган.

1920-жылдын 22-июнунда РКП (б) БКнын саясий бюросунда В. И. Ленин даярдаган токтом долбоору каралды. Токтомдо Түркстанда ишке ашырылчу жакынкы милдеттер каралган. Биринчиден, көчүп келген орустар жана башка калктардын жер ээликтерин жергиликтүү элдики менен теңдүү; экинчиден, орус кулактарын тез арада талкалоо жана аларды көчүрүү керектиги карлаган.

1925-жылдын 22-июнунда Абдыкерим Сыдыков төртүнчү ирет партия катарынан чыгарылган. Анын партиядан чыгарылышы маселеси Кыргыз обкомдун биринчи катчысы М. Каменскийдин арызы боюнча каралып, А. Сыдыков «отузчулардын» арызын уюштурган анабашчы, партия катарын бузган бузуку» деп табылган.

1933-жылдын 22-июнунда Ажаман Шабдановдун ОГПУга берген сурагында «Социал Туран партиясынын» өкүлдөрүн жана алардын ылакап ысымдарын атаган. А. Шабдановдун көрсөтмөсүнө ылайык ал партиянын катарында тургандар төмөнкүлөр болушкан: Абдыкерим Сыдыков - «Манас», Шабданов Ажаман - «Темир», Лепесов Зайнетдин - «Бороон», Хашимбеков Насреддин - «Борошо», Сопиев Турду Ахун-«Шаң», Түмөнбаев Хашимбек - «Кайрат» деген ылакап ысым менен белгиліүү болушкан.

1942-жылдын 22-июнундагы Улуу Ата мекендик согуш күнүнүн башталышына байланыштуу Фрунзе шарынын сүрөт галереясында XIX кылымдагы орус аскер өнөрүнө арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө согуш айынан Москва, Ленинград жана башка шаарлардан Кыргызстанга көчүрүлгөн картиналар коюлуп алар шаардыктардын купулуна толгон.

1964-жылдын бу күнү Кыргыз ССР Жорорку Кеңеш Президиумунун Жардыгы менен борбору Сокулук айлында орун алган Сокулук району уюшулган.

Жаңы административдик бирдикке Аламүдүн районунан-8 айыл өкмөтү, 6 кыштактык кеңеш, Калинин районунан - 7 айыл өкмөтү, 1 кыштактык кеңеш бөлүнүп берилген.
XS
SM
MD
LG