Н.Танаев ачык катында ага каршы козголгон кылмыш иштеринин баарын негизсиз деп четке кагып, Кыргызстандын башкы прокуратурасы саясий максатта, жаманатты кылуу үчүн ага Интерполго чейин издөө салып, камоого буйрук бергенин билдирген. Интерпол кыргыз тарап жиберген материалдарды карап чыгып, колдоо көрсөтүүдөн баш тарткан имиш.
Н. Танаев ага каршы козголгон кылмыш иштердин баарын саясий максатта жасалып жаткан куугунтук деп билет, деди анын адвокаты Загибаев Кайрат.
Мурдагы премьер-министрге каршы бир нече кылмыш иши козголгон. Анын ичинде республикалык маданий-ишкерлик борборун жана Ысыккөлдөгү «Алтын балалык» балдар борборун курууга, Германиядан кымбат баалуу медициналык аппарат алып келүүгө мамлекеттик казынадан миллиондогон каражаттарды мыйзамсыз берген деп айыпталууда. Н. Танаев ачык катында бул иштердин баарын Кыргызстандын элинин жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн жасагандыгын, ошондуктан кылмыш жоопкерчилигин көтөрүшү керек эместигин билдирген.
Танаевдин ишин тергеп аткан Башкы прокуратура өз кезегинде мурдагы өкмөт башчынын күнөөсү бар деп эсептейт. Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Керезбаев Кубанычбектин айтымында, Н. Танаев кызмат абалынан пайдаланып, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян алып келген.
- Кызмат абалынан пайдаланып мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган деген негизде күнөө коюлуп жатат. Бул өтө оор кылмыштарга кирет. Буга сегиз жылдан ары эркинен ажыратууга чейин жаза берилет. Анын күнөөсү бар же жок экенин сот чечет, бирок биздин ишенимде анын күнөөсү далилденген,- дейт Кубанычбек Керезбаев.
Башкы прокуратура, ошентип Н. Танаевдин күнөөсү төөдөй эмес тоодой деп эсептейт. Ал түгүл, тергелип аткан башка кылмыш иштерден да мурдагы өкмөт башчынын издери чубалып чыгып атканын белгилейт.
Н. Танаев Кыргызстанга адегенде өткөн жылы келгенде Башкы прокуратура ага баш коргоо чарасын өзгөртүп, депутаттардын кепилдиги астында үй камагына чыгарып, Кыргызстандан эч жакка кетпөөнү буйруган. Бирок, козголгон иштер боюнча тергөө аягына чыга электе Н. Танаев Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал узак убакыт кайрылып келбегенден кийин берген убадасын бузду деп башкы прокуратура ага издөө салып камакка алууну буйруган. Эми айыбын мойнуна албай жаткан мурдагы премьер-министрди суракка алып келүү үчүн кыргыз бийлиги айыпкерлерди өткөрүп берүү жөнүндө Минск конвенциясына таянып, орус бийлигине маселе коюп кайрылганы жатат.