Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

УКРАИНАДА ҮЧ АТААНДАШ ПАРТИЯ КОАЛИЦИЯЛЫК ӨКМӨТ ТҮЗӨТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Үч айга созулган араздашуулар менен кайым айтыштардан кийин Украинанын үч партиясы коалициялык өкмөт түзүү үчүн биригишти. Алардын коалиция түзүүсүнө өкмөттөгү портфелдерди бөлүштүрүү маселесиндеги келишпестик кедерги болуп жатты. Серепчилер 2004 - жылкы "саргылжын революциянын" негизги жылдыргыч күчү болгон партиялар ич ара келишпестиктерди толугу менен жойо алышпаса да, орток пикирге келе алган шекилдүү деп жатышат.

22-июнда Юлия Тимошенко Жогорку Радада сүйлөгөн сөзүндө ал жетектеген коалициялык блок, "Биздин Украина" жана Социаллисттик партия үчөө биригип, коалициялык өкмөттү түзүү жөнүндөгү келишимге кол койушканын билдирди.

"Өлкө жарандары үч айдан бер күтүп жаткан жаңылыкты кубануу менен кабарлаймын. "Биздин Украина", Юлия Тимошенконун блогу жана Социалисттик партия демократиялык күчтөр коалициясын түзүштү",- деди Тимошенко.

Андай коалицияны түзүү зарылдыгы март айында өткөн парламентик шайлоодон кийин бир да партия Украинын парламентинде басымдуу көпчүлүк орунга ээ боло албагандыгы менен негизделген. Президенти Виктор Юшенконун "Биздин Украина" партиясы парламенттеги орундар боюнча үчүнчү гана орунга чыга алды. Ал эми Виктор Янукович баштаган
"Региондор партиясы" блогу парламентте эң көп орунду алды, бирок бул да өкмөтү өз алдынча түзүү үчүн жетишсиз болуп чыкты. Ошентип жаңыдан түзүлгөн коалицияга 450 орундуу парламенттин 243 орду, калган 207 орун Региондор партиясы менен Коммунисттерге тийди.

Коалицияны түзүүгө мынчалык көп убакыт кеткенинин себеби: Юлия Тимошенко менен Виктор Ющенконун айланасындагы адамдардын ич ара келишпестиктектери, ал тургай кастыгы себеп болду.

Тимошенконун блогу шайлоодо экинчи орун алып, азыр жаңыдан түзүлгөн коалицияда эң чоң оюнчу болмокчу. Орток макулдашууга ошондой эле Виктор Ющенконун парламенттин спикерлигине медиа-магнат Петро Порошенкону койуу сунушу жолтоо болуп келди. Порошенко Тимощенконун эң чоң сынчыларынын бири. Тимошенко бул сунушка макул болгон- болбогону али белгисиз.

Кабинеттеги портфельдердин да кандайча бөлүштүрүлө турганы азырынча маалымдалбайт. 22-июнь Улуу Ата Мекендик Согуш башталган күн болгондуктан, Украинанын Радасы жаңы өкмөттүн курамын 23-июнда жарыяламакчы болуп жатат. Бирок Интерфакс кабар агенттигинин божомолунда, Юлия Тимошенконун блогуна премьердин, финансы министри менен агрардык саясат министринин, энергетика жана көмүр- кен тармагын башкаруу, чукул кырдаалдар жана маданият министрликтеринин портфелдери тийиши ажеп эмес. Социалисттердин энчисине биринчи вице-премьердин орду, айлана чөйрөнү коргоо министрлиги, билим берүү жана транспорт министрликтери тиймекчи. "Биздин Украинага" парламенттин спикерин сунуш кылуу, ички иштер, коргоо, эмгек министрликтеринин портфелдери тийиши мүмкүн.

Бирок үч айдан берки талашта орток пикири жетишилгени менен карапайым украиндердин көбү 2004-жылы болгон "Саргылжын революциянын" жыйынтыгына ирээнжип турганын жашырышпайт. Экономикалык өсүштүк темптери төмөндөөдө, реформалар парламенттеги талкуулардан ары кете алган жок, Батышты багыт алып өнүгөбүз, деген жалындуу мүдөөлөр суу сепкендей жок болду.

XS
SM
MD
LG