Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

ФУТБОЛ -2006. ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШ КЫРГЫЗСТАНДЫК КҮЙӨРМАНДАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Күн өткөн сайын футбол боюнча дүйнөлүк таймашуулар курчуп баратат. Бүгүн, 22-июнда кечинде Германияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын таймашууларына Чехия менен Италия, Гана менен АКШ, Жапания менен Бразилия жана Хорватия менен Австралия өлкөлөрүнүн командалары чыгышат. Көгүлтүр экран аркылуу дүйнө чемпионатына кыргызстандык күйөрмандар да назар салышууда.

Футбол боюнча 18 - дүйнө чемпионатында ат салышкан 32 улуттук команданын мыктылары иргеле баштады. Экинчи турдун жыйынтыктарына жараша Германия, Эквадор,Англия, Швеция, Аргентина, Голландия, Испания, Бразилия, Мексика жана Португалия командалары сегизден бир финалга чыгышты. Ал эми «Е» тобунда төрт команданын ар бири үмүткөр. Бүгүн кечинде болчу оюндар гана алдынкыларды аныктап, сегизден бир финалга чыкчу эки команданын тагдырын чечет. Ошондой эле «F” тобунда дагы Бразилиядан кийинки экинчи мыкты команда бүгүн аныкталмакчы.

“Г” тобунда болсо Того командасынан бөлөгүнүн үмүтү өчө элек. Же Франция, же Швейцария же Түштүк Корея оюндан четке чыгып калышы ыктымал. Кимиси күчтүү экени эртеңки оюнда билинет. “Н” тобунда Испаниядан кийинки Украина соңку эртеңки оюнда Тунисти утса сегизден бир финалга чыгышы мүмкүн.

Футбол боюнча дүйнөлүк таймашуунун үчүнчү турунда Германия менен Швеция, Англия менен Эквадор сегизден бир финалда беттешмек болду. Ошондой эле Португалия менен Мексиканын атаандаштары соңку беттешүүлөрдө анык болмокчу. Сегизден бир финалдык беттешүүлөрү 24 - июнда башталат.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын айтымында Парагвай,Польша, Жапония, Иран начар ойношту. Франциянын оюнуна да көңүл толбоду дешет айрым күйөрмандар. Жеке оюнчулардан германиялык Клозе жана голландиялык Роббендин чеберчилигин жогору баалап жатышат.

Германияда дүйнөлүк кубок үчүн 32 мамлекеттин кимдер алдыга чыгат, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн? Оюндардын деңгээли кандай болууда?

Мына ушундай суроолорго кыргызстандык футбол күйөрмандары өз пикирлерин билдиришти.

Тилек: Бразилия кайрадан алтынчы ирет чемпиондугун сактап калууга аракет кылат. Германия финалда аларга утулуп, экинчи болот деп ойлойм

Акмат: Финалга Бразилия менен Португалия же Бразилия менен Германия чыгышы мүмкүн. Финалда Европа өлкөлөрү намысты алдырбоого аракет кылышат.

Нурлан : Бул жолу да бразилиялыктар баш байгени алтынчы ирет жеңип алаарына ишенем.

Дүйнөлүк футбол чемпионатында Бразилия командасын сүрөөнгө алып, бирок алар 1998- жылы Францияга атайын утулгандай, быйыл да финалда оюнду сатып коюшу мүмкүн экенин күйөрман Азиз Карыпбаев айтты.

- Футбол чоң саясатка, бизнеске айланып, дүйнө жүзүн арбап алды. Бразилиялыктар таза, мыкты футбол көрсөтүп, баарына үлгү болушту. Алардын оюнун рахатка батып, ыраазы болуу менен көрсөм да, алар мурдакыдай финалда оюнду “сатып” атайын утулуп берип да коюушу ыктымал. Муну алдыдагы таймашуулар көрсөтөт.

Азырынча бомбардирлердин сабын германиялык чабуулчу Клозе 4 топ менен баштап келатат.
Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү кайрадан Бразилия командасы болушу мүмкүн экенин, Африка жана Азия өлкөлөрүнүн футболдук деңгээли өскөнүн, кийинки чемпионатта алар баш байгеге талапкер болоорун “Трибуна” гезитинин редактору Ырысбек Өмүрзаков белгиледи.

-Азия менен Африка өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Алар чеберчилиги боюнча европалыктарга тенелип калганын чемпионаттын оюндары көрсөттү. Мен өзүм Украинага күйөрман болуп, ийгилик каалап турам, алар ишенимди актап сегизден бир финалга чыгуусу да ыктымал. Балким эртеңки оюнда жакшы ойноп, Тунисти утуп алышаар, үмүттү өчүрбөй туралы. Эми чындап кызык оюндар болот окшойт, себеби, 1-2 тур бирин- бири сынамай, чалгындоо болгондой түр көрсөтүштү. Чынында ким чемпион болоорун алдына ала айтуу кыйын.

Дүйнөлүк мелдеште ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болушу да ыктымал. Ошон үчүн мурдатан бул өлкө чемпион болот деп айтуу азырынча эртелик кылат. Себеби алдыда дагы таймашуулар, күч сынашуулар турат. Бразилиялыктар дүйнөнүн беш жолку чемпиону болсо дагы бир да жолу Европада өткөн чемпионаттарда жеишке жетишпей арманда жүрүшкөнүн да эскертип, айта кетели.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG