Бейшемби күнү эртең менен Америка жетекчиси Будапешт шаарында мажар президенти Ласло Шойом менен жолукканда, ал Мажарстанга - Будапешт көтөрүлүшүнүн мааракесин белгилөө үчүн келгенин билдирди: "Мен Мажарстанга - 1956-жылдагы көтөрүлүштүн 50 жылдыгын белгилөө үчүн келдим. Ал революциянын негизги идеясы - ар бир адам эркин болууну каалаганында болчу", - деди Жорж Буш 22-июнда.
Президент Ласло Шойомдун айтымында, мындан 50 жыл мурда мажарлар жалпы дүйнөлүк баалулуктар үчүн күрөшкөн: "Азыр дагы биз - ошол 1956-жылдагы көтөрүлүшкө чыккан адамдар күрөшкөн баалулуктар - азаттык, демократия, улуттук өз алдынчалык, адам укуктары сыяктуу баалулуктарды карманабыз", - деди мажар президенти Жорж Буш менен жолукканда.
Мажар эли мааракени октябрда белгилейт. 1953-жылы Иосиф Сталин каза болгондон кийин Чыгыш Европа жумурияттарында коммунизмге каршы маанай күчөгөн жана 1956-жылдын 23-октябрдында Будапешт шаарында реформаларды талап кылган студенттик демонстрация башталган. Студенттерди эл кеңири колдоп, кийинки күндөрдөгү митинг-демонстрацияларга 100 миң адам катыша баштаганда, өлкөнүн өкмөтү алмашылган жана жаңы премьер-министр болгон Имре Надь - Мажарстан Варшава пактынан чыгышы мүмкүн деп да жарыялаган.
Андан көп узабай, 4-ноябрда өлкөгө советтик танкилер киргизилген. "Бүгүн таң эрте менен өлкөнүн борбор калаасына советтик аскерлер чабуул баштады, алардын максаты - Мажарстандын мыйзамдуу тандалган демократиялык өкмөтүн бийликтен кулатуу. Биздин аскерлер алар менен салгылашып жатат. Өкмөт өз ишин улантууда", - деп билдирген премьер Имре Надь 1956-жылдын 4-ноябрында.
Анткен менен 10-ноябрда козголоң толугу менен басылган, өкмөт бийликтен кулатылган, Имре Надь болсо эки жылдан кийин дарга асылган. Бардыгы болуп окуялар учурунда 2500 мажар жана 750 советтик аскер курман болгон.
Мажар президенти менен жолуккандан кийин, Жорж Буш 22-июнда парламентке келип, спикер Каталин Сили жана премьер-министр Ференц Дюрчань менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы мамилелерди талкуулады. Андан соң парламенттеги партиялар өкүлдөрү жана мажар коомунун белгилүү адамдары менен өткөн жыйында Буш европалык интеграция, эл аралык террорчулукка каршы күрөш, демократияны дүйнөгө жайылтуу жөнүндө сөз сүйлөдү.
АКШ менен Мажарстан ортосундагы бир жылдык соода көлөмү үч миллиард доллардын тегерегинде, америкалык компаниялар болсо мажар экономикасына тогуз миллиард долларга жеткен инвестиция жасаган. Жолугушуулар учурунда АКШга бараткан мажар жарандарына америкалык виза берүү жараянын жеңилдетүү маселелери дагы талкууланууда.
АКШ президентинин сапары эбегейсиз коопсуздук чаралары менен дагы коштолууда, Жорж Бушту 700 адам коштоп жүрөт, америкалык коопсуздук агенттери болсо Будапештке бир нече күн мурда келген, шаар көчөлөрүнө эки миң мажар агенти дагы чыгарылды.