Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

РОССИЯ АРАБ ТИЛИНДЕ ТЕЛЕДОЛБООР БАШТАГАНЫ ЖАТАТ


Россиянын мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги 15-июнда жарыялагандай, ушул жылдын аягына чейин агенттик Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймактарына багытталган араб тилиндеги телеберүүлөрүн баштайт. Аталган долбоор ишке ашса, Россия региондогу медиатаасирин күчөтүүнү көздөгөн өлкөлөрдүн улам узарып бараткан тизмесине кирип калат.

Араб дүйнөсүндө азыркы учурда сателлит аркылуу көргөзүлгөн 3 ири сыналгы канал бар. Катардын “Ал-Жазира”, Дубаиде жайгашкан “Ал-Арабия” жана АКШ каржылаган “Ал-Хурра” сыналгы каналдары 24 саат бою жалаң жаңылык берип турат. Андын тышкары “Интернешенл Хералд Трибюн” гезитинин жазышынча, калган 200 чакты каналдын берүүлөрүнүн дээрлик 10 процентин кабарлар түзөт.

Жакын арада Россиядан тышкары Франция, Германия, Британия жана Италия аймакка багытталган теледолбоорлорун баштаганы жатат.

Бул жалпы тенденцияны "Азаттыктын" серепчиси Виктор Ясманн мындайча сыпаттайт:

- "Араб дүйнөсүнүн эларалык иштер чөйрөсүндөгү ролу барган сайын өсүүдө. Буга Европа биримдигинде, АКШда жана биз күбө болгондой, Россияда да чоң маани беришет".

“Файненшнл Таймс” гезитине берген интервьюсунда "РИА Новости" агенттигинин өкүлү жаңы сыналгы каналдын араб тилиндеги кызматы көз карандысыз долбоор болот деп белгиледи. Араб кызматына 35 миллион доллар жумшалмакчы.

Кремлчил веб баракчалардын бири жазгандай, жаңы каналдын максаты -“Россиянын Жакыңкы Чыгыштагы саясий таасирин ого бетер бекемдөө”.

Аналитик Ясманндын пикиринде болсо анын башка жүйөөсү бар:

- "Бүт араб дүйнөсүн камтыган араб тилиндеги каналдын түзүлүшү – Россиянын тышкы саясатындагы жаңы багытты чагылдырат. Москва Советтер Биримдиги кулагандан кийин жоготуп койгон саясий позицияларын калыбына келтиргиси келет".

Жаңы сыналгы каналды “Ал-Жазиранын” Москва бюросунун мурдагы жетекчиси Акрам Хузам башкармакчы.

“Ал-Жазиранын” директору Вадах Ханфар россиялык каналдын пайда болушун кубаттай тургандыктарын айтат.

“Известия” 20-июндагы санында жазгандай, Ханфар “Россия өз пикирин эфир акрылуу билдире алат. Мындан көрүүчүлөр гана утат”, - деген оюн ортого салды.

Россия сыналгы каналынын “Вести” маалымат берүүсүндө эларалык бөлүмдү жетектеген Николай Шепелевдин айтымында, араб тилиндеги сыналгы канал мусулман мамлекеттеринин катардагы атуулдарына орустардын жашоо-турмушун түшүнүүгө огожо болот.

- “Биз Араб дүйнөсүнө жакыныраак болсок, региондогу турумдарыбыз күчтүү болот. Албетте, анда АКШнын туруму чабалдай баштайт", - деди Шепелев km.ru. сайытына.

Москва Сирия жана Иранга курал-жарак сатып, Алжир жана Иран менен газ картелин түзүүнү көздөп, Палестин автономиясынын Хамас жетектеген өкмөтү менен мамиле куруп, ансыз да Вашингтондун кооптонуусун жаратып келатат.

Бирок, орус тышкы иштер министринин орун басары Александр Салтанов жакында белгилегендей, Россия региондогу таасир үчүн АКШ менен атаандашкысы келбейт.

Жогоруда сөз болгон km.ru сайты болсо Москва советтик калыптагы үгүт машинасын калыбына келтирүүнү көздөөдө деп комментариялайт.
XS
SM
MD
LG