Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

ӨЗБЕКСТАН : УКУК КОРГООЧУ ЯДГАР ТУРЛЫБЕКОВ СУРАККА АЛЫНУУДА


Эрнис Кыязов Өзбекстанда укук коргоочуларды, оппозиция өкүлдөрүн жана динге берилген жаштарды негизсиз эле кармап, айыпка тартуу өнөкөтү уланууда. Мындай көрүнүш айрыкча Анжыян окуясынан кийин ого бетер курчуду. Өзбек укук коргоочуларынын айтымында жүйөөсү жок айыптоонун кезектеги бутасы - Өзбекстандын Каршы шаарында жашаган укук коргоочу Ядгар Турлибеков болду.

Өзбекстандын Көз карандысыз укк коргоочулар тобунун тараткан расмий маалыматтарында айтылгандай, ушул жылдын 16-июнунда күндүзгү саат 11де Карши шаарындагы Казаков көчөсүндөгү 58-үйдүн тургуну 70 жаштагы укук коргоочу Ядгар Турлыбековдун үйүнө 30га чукул милиция кызматкери жулунуп киришкен, алардын арасынан ону курал-жаракчан болгону айтылат. Укук коргоо уюмунун маалыматында, укук коргоочунун үйүндөгү тинтүү иштери дээрлик төрт саатка созулуп, Ядгар Турлыбековдун үйүндөгү бул тинтүүгө Каршы шаарынын прокурору Икрам Ачилов уруксаат берген. Ал эми күч структураларынын бул багыттагы бардык иш аракеттерин Кашка Дарыя облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Толкун Эрматов жетектеген. Тергөөчү Эрматов үйдү тинтүүгө ошондой суракка алууга байланыштуу уруксат кагазын эч кандай көрсөткөн эмес.

Өзбекстандын Көз карандысыз укук коргоочуларынын тобунун тараткан маалыматына таянсак, үйдөн компютердик жабдыктар, дисктер, укук коргоо жаатындагы адабияттар алынып кеткен. Тергөөчү тарап Ядгар Турлыбековдун үй бүлөсүнө тинтүү протоколунун көчүрмөсүн берүүдөн да баш тарткан. Азаттыктын кабарчысы бул окуя туурасында кандайдыр бир расмий маалымат бар же жоктугун сурап өлкөнүн Башкы прокуратурасынынын өкүлү Светлана Артыковага кайрылганда, ал Каршыдагы окуя тууралуу өзүндө маалымат жок экендигин Азаттыкка билдирди.

-Ядгар Турлибеков ырас укук коргоочу болгондон кийин жаза тайып ишинде же сөзүндө одоночулук кетирген жайы бардыр...Анын жөн-жайы мыйзам чегинде суракка алынат. Мындай чакта ар бир эле мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын коргоого укугу бар. Укук коргоочуну кармап кетсе эле андан чуу көтөрүүнүн зарылдыгы жок,- деди Светлана Артыкова

Ошол эле күнү күндүзгү саат үчтөрдө укук коргоочунун колуна кишен салынып, Каршы шаардык ички иштер бөлүмүнө алып барылган.Бул жерде атайы суракка алуу үчүн айыпталгандарды обочо кармай турган тергөө бөлмөсү жайгашкан.

Өзбекстандын Көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгечи тобунун төрагасы Сурат Икромов укук коргоочу Ядгар Турлыбековдун кармалышын - өлкөдөгү репрессиялык аракеттердин күчөшү катары баалай тургандыгын Азаттыкка маалымдады.

- Акыркы убактарда бийлик, айрыкча күч органдары, милиция кызматкерлери укук коргоочуларды эл душмандары катары карашат. Укук коргоочуларды аңдып, куугунтуктаган мамиле Кашка Дарыя облусунда, Жызакта, Ташкенде айтор көпчүлүк аймактарда кездешет,- деди Сурат Икромов.

Дегеле буга чейин күч органдары, милиция кызматкерлери Ядгар Турлыбековду ыксыз эле чакырып, суракка алып, жөнү жок убактылуу камоого алган учурлар көп болду, дейт Өзбекстандын Көз карандысыз укук коргоочуларынын демилечи тобунун төрагасы Сурат Икромов.

- Ички иштер башкармалыгына чакырылып, бир нече саат бою суракка алынып, же болбосо Ташкентке бараткан жеринен Ядгар аксакалды автобустан түшүрүп, анан үйүнө чейин алпарышып суроо берген мисалдар бир топ. Ал эми мынакей, үйүнөн кармап алып барып камашканы туурасында да кабарларды алып жатам, сурак жүргүзгөндөн баштап 72 саат өтсө да эч бир айып тагыла элек, - дейт Сурат Икромов.

Укук коргоочулардын айтымында, керексиз адамдарды айыпка тартуу өзгөчө Андижан окуясынан кийин кадыресе көрүнүшкө айланды, АКШ сыяктуу өнүккөн демократиялык өлкөлөр болсо буга толук кандуу көңүл бөлбөй жатышат дешет алар. Жакында эле Сырдарыя облусунда Өзбекстандын адам укуктарын коргоо боюнча бирикмесинин төрагасы Азам Фарманов, уюмдун мүчөсү Алишер Караматов камакка алынган. Мынакей эми, кезек Ядгар Турлыбековго да жетип, эми тергөө учурунда ага кандай катаал мамиле жасалат болду экен?- деген кооптонуу укук коргочуларды беймазага салууда.

Буга чейин Өзбекстандын адам укуктарын коргоо боюнча бирикмесинин Кашка Дарыя облусундагы бөлүмүнүн төрагасы Шафрик Розмурадов Ташкенттеги Ички иштер министрлигинин жер төлөсүндө каза болгон эле. Укук коргоочулар аны ур-токмоктон улам каза болду дешет. Расмий Ташкен болсо бул сыяктуу доолорду жуутпай келет, ошол эле учурда чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын Өзбекстандагы кеңселерин жаап, жергиликтүү укук коргоочуларга карата кысымын күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG