Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

ПХЕНЬЯН ЖАҢЫ РАКЕТА СЫНООГО ДАЯРДАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Июндун башынан бери дүйнө кооомчулугунун көңүлү кайрадан Түндүк Кореяга бурулган бойдон. Үстүбүздөгү айдын биринчи аптасында пайда болгон маалыматтарга караганда, Пхеньян өзүнүн жаңы үлгүдөгү ракетасын сыноого даярдаган, кийин - андай сыноо июндун жыйырмаларында өткөрүлүшү мүмкүн деген кабарлар тараган. Айрым эксперттердин айтымында болсо, андай ракетаны өндүрүүгө Түндүк Кореяга Иран жардамдашкан.

Иран дагы, Түндүк Корея дагы акыркы жылдарда өздөрүнүн өзөктүк изилдөөлөрү менен дүйнө коомчулугун өтө тынчсыздандырууда. Пхеньян былтыр - атом бомбасын өндүргөнү тууралуу жарыялаган жана анын өзөктүк программалары боюнча акыркы жылдарда өтүп келген алты тараптуу сүйлөшүүдөн чыгып кеткен. Иран дагы былтыр андай сүйлөшүүлөрдү токтотуп, үстүбүздөгү жылдын башында уран байытуу иштерин кайрадан баштаган.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Иран - жаңы үлгүдөгү ракета сынаганы тууралуу жарыялаган. "Рейтер" маалымат агенттигинин кабарына караганда, "Шахаб-3" деп аталган андай ракета эки миң чакырымга чейин учуп жете алат. Түндүк Корея болсо 1998-жылдан бери ракета сынаган эмес, анткени эл аралык коомчулуктун басымы астында андай сыноолорго 1999-жылы мораторий салган.

Анткен менен өлкөнүн Бириккен Улуттардагы өкүлүнүн орун басары Хан Сон Рель 21-июнда - андай мораторий Вашингтон менен Пхеньян ортосунда сүйлөшүү жүрүп жаткан мезгилге гана салынган, азыр болсо эч кандай сүйлөшүүлөр жок жана маселени чечүү үчүн Түндүк Корея АКШ өкүлдөрү менен жолугуп, түзүлгөн абалды талкуулого даяр деп билдирген. Европада жүргөн АКШ президентинин жардамчылары андай сунушту четке какты, Жапониядагы америкалык элчи Томас Шиффердин айтымында болсо, маселени чечүү үчүн алты тараптуу сүйлөшүүнү кайра башташ керек.

Сыноого даярдалган "Тэпходон-2" деп аталган ракетага, айрым эксперттердин баамында, күйүүчү май дагы куюлду, андай абалда болсо ракета же учурулуш керек, же жок кылынууга тийиш. Айрым саясатчылардын пикиринде, ракетаны даярдап коюп, бирок аны учурбай күтүп туруу менен Пхеньян дүйнө коомчулугунан жана өзгөчө АКШдан кандайдыр бир жеңилдиктерди соодалашып алууну көздөйт.

Жапония менен АКШ болсо Корея жарым аралын көздөй өз аскерий кемелерин жиберди жана "Вашингтон таймс" гезити 20-июнда жазганга караганда, эгер ракета учурулса, америкалыктар аны атып түшүрүшү да мүмкүн.

Батыш эксперттеринин айтымында, жаңы ракета 3700 чакырымга жете алат, ошондуктан кореялыктар эми АКШнын Аляска же Калифорния штаттарын бутага алышы мүмкүн. Америкалык Aviation Week деп аталган журналдын редактору Крейг Ковонун айтымында, аны өндүрүүгө кореялыктарга Тегеран жардамдашкан: "Түндүк Кореянын 'Тэпходон' ракетасынын учурулушунун Иранга да тийешеси бар. Биз тапкан маалыматтарга караганда, анын акыркы баскычтарын өндүрүүгө Иран жардамшкан, же ирандык технология пайдаланылган. Ошондуктан азыркы мезгилде мындай ракеталык өндүрүштө Иран менен Түндүк Корея ортосунда байланыш бар", - дейт Ково.

Пхеньяндын буга чейинки "Но-Доң" деген ракеталарын чыгарууга болсо Кытай жардамдашканы тууралуу маалыматтар бар. Кореянын өзүнүн технологиясы болсо учурунда Пакистандын "Гаури" деген ракетасын өндүрүүдө колдонулган. Пакистандын атом бомбасын чыгарган Абдул Кадир Хан болсо кезегинде андай технологияны Иран, Ливия жана Түндүк Кореяга саткан деп шектелген. Ал тууралуу маалыматтар чыкканда, доктор Хан Пакистанда камакка алынган, бирок 2004-жылдын февралында президент Первез Мушарраф ага мунапыс берген.

XS
SM
MD
LG