Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:57

ПАРЛАМЕНТТИК КОМИССИЯ : КАНТ ЦЕМЕНТ-ШЫЙПЫР ЗАВОДУ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛСЫН


23-июнда Жогорку Кеңеш Кант цемент-шифер заводунун айланасында түзүлгөн кырдаал жана курулуш материалдарына баалардын көтөрүлүшүн иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын укту. Апрель айынан бери иш жүргүзүп келген комиссия заводду сатып алган инвесторлор инвестициялык макулдашууну аткарбаганын аныктап, ошого байланыштуу заводду мамлекетке кайтарууну өкмөткө тапшырды.

Кыргызстандагы жалгыз цемент-шифер заводдун 67.64% акциясы 1999-жылы «Siements de Lux S.A» фирмасына сатылган. Ал фирма заводко 16 миллион доллар инвестиция салууга убада кылган. Бирок аны аткарган эмес жана акцияны үчүнчү тарапка сатып жиберген. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов башында турган комиссия бул маселени иликтеп чыгып, инвестициялык талап аткарылбагандыктан заводду кайра мамлекетке алууну, өндүрүлүп жаткан продукцияны ички рынокто сатууну уюштурууну, төлөнбөй келген салыктарды толук өндүрүп алууну өкмөткө сунуштады. Жыйынга катышып отурган өкмөт башчы Феликс Кулов 67.64% акцияны кайра алуу боюнча маселени сот 7-июлда караарын билдирип, буларга токтолду:

"Мен комиссиянын төрагасынын докладында айтылгандарга толук кошулам. Мыкты иштеп жаткан завод менчиктештирилбеш керек эле. Бирок ал биз жокто сатылып кеткен. Эми менчик ишкананын ишине кийлигише албайбыз. Азыр кожоюндар 67% акцияны кепилдикке коюп, 35 миллион доллар алууга аракеттенип жатыптыр. Биз ага да кийлигише албайбыз. Ал эми акциянын туура эмес сатылганы боюнча сотко бергенбиз, сот маселени 7-июлда карайт".

Депутаттар акциянын кепилдикке коюлушуна жол бербөөнү талап кылышты. Буга жооп кылган башкы прокурор Камбаралы Конгантиев заводдун ээлеринин бири, Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге козголгон кылмыш иштин алкагында 67% камакка алынганын билдирди:

"Жалпы мүлк жана 67.64% акция камакта турат. Анын тагдырын сот 7-июлда чечет".

Депутатар жаңы бийликтин тушунда Башкы прокуратура тарабынан мамлекетке кайтарылып, бирок кайрадан сатылып кеткен заводдун 13% акциясынын тагдырына да кызыкты. Башкы прокурордун билдирүүсүнө караганда, бул иш боюнча Иманалиев жана Эмилбеков деген атуулдар алгачкы соттук инстанцияда айыпталып, бирок Жогорку Сот инстанциялары тарабынан акталышкан жана сот 13% сатууну мыйзамдуу деп тапкан. Депутаттык комиссия бул акцияны да мамлекетке кайтаруу талабын коюуда.
Депутаттар цемент, шиферди арзандатууга өкмөт чара көрбөй жатат, аткаруу бийлиги элдин оор абалына кайдыгер деп айыптады.

Кант цемент-шифер заводунун башкы директору Адал Исабеков жыйынга катышып, борбордук трибуна аркылуу өз пикирин айтууга аракет жасады эле, ага депутаттар мүмкүнчүлүк берген жок. Заводдун азыркы кожоюндарын ууру атаган депутат Азимбек Бекназаров буларга токтолду:

"Бизден уурдап алган кишилерден баасын арзандатып койгулачы деп суранып жатабыз. Ал дагы башка өлкөнүн атуулу. Ал болсо президенттин өкүлүнүн ордуна отуруп алып бизге үйрөтүп отурат. Мен буларды ууру деп атаймын".

Заводдун башкы директору журналисттер менен жолугушууда мындай айыптоолорго макул эмес экенин айтып, мыйзам бузуулар мурунку кожоюндар тарaбынан болгонун, ал эми азыркылар заводко 88 миллион сом инвестиция салганын белгиледи.
Жарыш сөзгө чыккан депутаттар Дооронбек Садырбаев жана Өмүрбек Бабанов өкмөт мажирөөлүк кылууда деп айыптап, элдин кызыкчылыгын коргой албай жаткан бийликти кызматтан кетүүгө чакырды. Депутаттар Кант цемент-шифер заводу боюнча талкуну кийинки жумада улантышат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG