Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРИЙ ЖЕТЕКЧИЛИК ИРАНДЫ КАЙРАДАН СЫНГА АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын аскерий жетекчилери шейшемби күнү Вашингтондо өткөн жыйында Иранды дагы бир жолу сынга алышты. Алардын айтымында, Ирактагы шийи козголоңчулары кошуна Ирандан жардам алууда.

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд жана Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Жорж Кейси 22-июнда Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине кошуна Ирандын аракеттери тоскоолдук түзүп жатканы тууралуу билдиришти. Генерал Кейсинин айтымында, абал өтө татаал жана оор.

"Ирактагы өзүнүн жашыруун атайын күчтөрү аркылуу ирандыктар өлкөгө курал менен жарылуучу заттарды жеткирип жатканы тууралуу бизде так маалыматтар бар. Андан тышкары ирандыктар шийи экстремисттерин өз аймагында жана айрым учурларда кошуна Ливанда машыктырууда. Алар бизге жана ирактыктарга каршы багытталган террордук аракеттерди ишке ашырууга жардамдашып жатат", - деди генерал.

Анын айтымында, январдан бери абал өтө начарлады жана февралдагы жардыруудан кийин Иракта диний аралык кагылышуулар күчөдү. Анткен менен, Кейсинин айтымында, Ирандын өзүнүн кызматкерлери Иракка келип, кайсы бир аракеттерди жетектегени тууралуу далилдер жок, алар жергиликтүү адамдарды пайдаланууда. Мындай абал тууралуу Иран өкмөтү дагы билген сыяктуу, же, мүмкүн, ага өздөрү дагы аралашкан:

"Биздин маалыматтар боюнча, андай аракеттерди өздөрүнүн жашыруун күчтөрү аркылуу башкаргандардын бири - Кудс деп аталган Ирандын революциялык бригадалары. Өзүңөр билесиңер, алар өз алдынча ага барбайт болчу жана алар Тегерандан башкарылып жатканы мүмкүн", - деди генерал Кейси.

Иран өкмөтү менен бул маселени талкуулоо аракеттери көрүлдүбү деген суроого министр Рамсфелд жок деп жооп берди: "Мен өз тынчсыздануумду ачык билдирдим, генерал Кейси дагы ал тууралуу ачык айтты. Алардын аракеттери тууралуу биз кандай пикирде экенибизди ирандыктар билет", - деди Рамсфелд.

Акыркы айларда Тегеран менен Вашингтон ортосунда түз сүйлөшүү баштоо мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Үстүбүздөгү жылдын башында АКШнын мамлекеттик катчылыгы Ирактагы америкалык элчи Залмай Халилзадка Иран жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүү баштоого уруксат берген. Эки мамлекет ортосунда 1980-жылдан бери дипломатиялык мамиле жок, ошондуктан мындай кадамды эксперттер бир кыйла чечкиндүү жылыш деп баалаган.

Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча дагы азыр эки тараптуу сүйлөшүү баштоо мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Ал тууралуу сунушту мамлекеттик катчы Кондолиза Райс 31-май күнү айткан. Анткен менен 20-июнда франциялык "Фигаро" гезити - андай тикелей сүйлөшүү жүргүзүүгө коргоо министри Доналд Рамсфелд жана вице-президент Дик Чейнини көндүрүү оңой болбойт деп жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG