Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

КИЙИНКИ ШАЙЛООЛОР ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ


Бишкекте “Шайлоолор жана демократиянын Кыргызстандагы өнүгүүсү” деп аталган эки күндүк эл аралык конференция башталды. Конференцияда Кыргызстандагы шайлоолорду демократиялык жактан өнүктүрүү, саясий партиялардын мааниси, 2005-2006-жылдагы шайлоолордун айырмасы жана шайлоо мыйзамдарын реформалоо тууралуу сөз болуп жатат.

Конференцияда айтылгандай, жыл өткөн сайын электораттын шайлоого болгон кызыкчылыгы сууп баратат. Өткөн жылы парламенттик, президенттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына шайлоолор болгон. Бирок статистика көрсөткөндөй, бул шайлоолорго шайлоочулардын 40% дан ашууну катышкан эмес. Буга элдин шайлоолордон тажап бүткөндүгү, шайлоочулардын көпчүлүгү сырт жактарда миграцияда жүргөнү жана эң башкысы шайлоолордун акыйкат өтөрүнө элдин ишеничи азайып кеткени себеп болгондугу белгиленди.

Мунун баары Кыргызстанда шайлоо системасын реформалоого алып келүүдө деген оюн БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов билдирди. Анын айтуусунда, эмки парламенттик шайлоо партиялык тизме менен болмокчу:

"Мындан кийинки шайлоолорду партиялык тизме менен жүргүзөлү деп жатабыз. Анткени партиялык тизме менен болгондо шайлоо аймактары чоң, ал эми шайлоочулардын саны көп болот. Элге белгилүү, эмгеги сиңген, татыктуу саясатчылар депутат болуп шайланышат деген үмүт бар. Азыркы учурда Конституциялык реформа боюнча кеңешменин мүчөлөрү 105 депутаттын көпчүлүгүн партиялык тизме менен шайлоо тууралуу сунуштарын билдирип жатышат".

Ошондой эле парламенттик шайлоолор мажоритардык системага өткөнү саясий партиялар да шайлоого кайдыгер мамиле жасап калган деген пикирлер айтылды. Бирок шайлоонун демократиялуулугун сактап калуу максатында 2003-жылкы мыйзамда Жогорку кеңештин депутаттыгына талапкерлер саясий партиялар тарабынан жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен гана чыга алышат деп көрсөтүлгөн. Бирок өткөн жылкы парламенттик шайлоодо катталган 389 талапкердин 65и гана саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн. Ал эми президенттик шайлоодо ат салышкан 22 талапкердин үчөө гана саясий партиялардын мүчөлөрү болгон. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына шайлоодо 2325 талапкердин төрт пайызы гана саясий партияларга тиешелүү болгон.

Бирок “Ар-Намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев пропорционалдык системаны кайра киргизүү шайлоолордогу саясий партиялардын активдүүлүгүн көтөрө койбойт деген ойдо:

-Заматта эле көтөрүп жиберет деп айтуу кыйын. Ага да убакыт керек. Былтыр март айында бийлик алмашкандан кийин, шайлоо системасында бир аз өзгөрүү болду. Жакшы жагына жылыш бар. Бүт баарын түбүнөн өзгөртүү үчүн элдин ой-жүгүртүүсүн өзгөртүү керек.


Шайлоого жана демократияга саясий партиялардын таасири чоң экендиги тууралуу Борбордук жана чыгыш Европа өлкөлөрүнүн шайлоо уюмдары ассоциациясынын кеңешчиси Петер Хаваш да айтып кетти:

- Шайлоолорсуз демократия жок. Ал эми саясий партияларсыз шайлоо жок. Партиялык система демократиянын негизги көрсөткүчү болуп саналат. 6:50 Демократия эң жакшы нерсе. Аны түрдүү түшүнүүгө болот. Мына ошондуктан биз тажрыйба алмашуу боюнча форум туздүк, бул эң башкысы. Анткени, биз бири-бирибизди билүүгө тийишпиз,- дейт Петер Хаваш.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG