Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

«АТЫҢ ЖАКШЫ, АКЧАБАЙ»


Бишкекте Евразия кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн баш банк жетекчилер кеңешинин 15-отуруму өттү. Анда Өзбекстан Борбордук банкын кеңешке мүчөлүккө кабыл алуу, ошондой эле уюм мүчөлөрүнүн акча саясаты, бирдиктүү маалымат негизин түзүү сындуу биртоп маселелер каралды.

Улуттук банкынын төрагасы Марат Алапаевдин айтуусунда, улуттук (борбордук) банк жетекчилеринин кезектеги жыйынында 9 маселе каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды. Баш банк жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү Евразия кызматташуу уюмуна кирген өлкө жетекчилерине сунуш катары гана чечимдер кабыл алышат.

Кыйладан бери кеп болуп келаткан Евразия кызматташуу уюмунун орток банкын түзүү идеясы бул жыйында каралбаганын Орусиянын Борбордук банк төрагасынын орунбасары Олег Можайсков билдирди.

- Бул жыйында жаңы банк маселеси талкууланган жок. Иштей баштагандан бери эле биздин кеңеш Мамаралыкбанк менен көбүрөөк кызматташып , ал уюмдун катчылык жумушун аткарып келатат. Бүгүн улуттук акча менен төлөө системасын кеңейтүү тууралуу талаш-тартыштар болду. Бул иштин башында Мамаралыкбанк турушу керек эле. Бирок да анын мүмкүнчүлүгү ушул кезге чейин жакшы пайдаланыла элек.

Бирок да уюмга кирген өлкөлөрдүн орток банкын түзүлүп, аны Орусия менен Казакстандын өкмөттөрү ишке ашырып жатканын, тиешелүү келишимге кол коюлганын Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Анвар Сайденов маалым кылды.

- Евразия өнүгүү банкынын уставдык капиталы 1,5 миллиард АКШ долларын түзөт. Орусиянын үлүшү миллиард доллар, Казакстандыкы жарым миллиард доллар. Банктын штаб-квартирасы Алматыда жайгашат, филиалы Санкт-Петербургда болот. Банктын жетекчилиги дайындалды. Бул банк өлкөлөр ортосундагы маанилүү долбоорлорду каржылоону ишке ашыруусу ойлонуштурулууда.

Анвар Сайденов бул ирет мурдагы Борбор Азия өнүгүү жана кызматташуу банкынын өксүк тажрыйбасы кайталанбай тургандыгын, мамлекеттер ортосундагы кызматташуунун каржылык сабагынан олуттуу жыйынтык чыгарылганын белгиледи. Банк тобокелдиги, долбоорлорду тандап алуунун кыйла катуу тартиби, анан да буга чейинки тажрыйба сөзсүз эске алынат, деп айтты Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы.

Евразия кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн бардыгына тиешелүү экономикалык жалпылык – инфляция деңгээлинин негизинен бирдейлиги. Тажикстанда быйылкы беш айдын инфляция деңгээли 6%, Өзбекстанда 5 %, Казакстанда 4,5% тегерегинде.

- Өсүү темпине караганда инфляция көрсөткүчү кыйла жогору болууда. Анткен менен Казакстан менен Орусияда андан да жогору. Бизде азыр инфляция деңгээли 3,7%. Жайындасы бул деңгээл дагы төмөндөйт деп үмүттөнүп отурабыз. Жыл аягына чейин контролдук көрсөткүчтү биз кармап тура алат болушубуз керек деп ойлойбуз,- дейт Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Марат Алапаев.

Евразия кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн баш банк жетекчилеринин жыйынында улуттук акчалардын кунун көтөрүү, доллар үстөмдүгүн азайтуу жайында да кеп болгонун М.Алапаев кабарлады. Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Анвар Сайденов соңку эки-үч айдан бери ири чет элдик банктардын теңге менен иштөөгө кызыгып жатышканын, дегеле улуттук акчанын долларга карата катышы кыйла жогорулай баштаганын маалым кылды.

Экономикалык ыкчам өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөрдүн улуттук акчасынын барк-баасы көтөрүлүшү мыйзамченемдүү иш. Ушу тапта Орусияда рублди өтүмдүү акча катарына кошуу аракети пайда боло баштаса, Казакстанда теңгенин наркы жогорулай баштаганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG