Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

КЫРГЫЗСТАН БАЖЫ КЕҢЕШИН ТҮЗҮҮНҮ КОЛДОЙТ


Евразия экономикалык шериктештигинe мүчө өлкөлөрдүн кечээ Минскиде өткөн саммитинде сүйлөгөн сөзүндө кыргыз президенти Курманбек Бакиев бажы тармагындагы ар кандай тоскоолдуктар, мыйзамсыз төлөмдөр сыяктуу маселелер чек ара аймактарындагы соода жүргүзүүнү татаалдатып жатканын айтып, экономикалык жаңылануунун ачкычы тоскоолдуктарды алып салууда экенин белгиледи. Курманбек Бакиев ошондой эле соңку жолугушуунун натыйжасында уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгы дагы да чыңдалаарына ишеним артты. Евразия экономикалык шериктештигине Орусия, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG