Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

КОНСТИТУЦИЯ: ҮЧТҮН БИРИ


Президент жарлыгы менен жумушчу топ даярдаган Конституциянын жаңы долбоорлорунун бетачары 24-июнда Бишкекте өттү. Талкууга бейөкмөт уюм, саясий партия, бийлик өкүлдөрү катышты.

Кызуу талашты жараткан маселе жаңыланчу Конституциянын долбоорлорундагы соттордун орду - Конституциялык соттун Жогорку сот курамына кирип калышы, анын төрагасынын эки жылда алмашып турушуна байланыштуу чыкты.

- Эгер сөзсүз эле кошуу жөнүндө сөз болсо Конституциялык сотту Жогорку сотко кошпостон, Жогорку сотту Конституциялык соттун курамына киргизсе туура болмок, - деп айтты Конституциялык соттун судьясы Жумакадыр Тагайбаев.

Конституциянын жаңы долбоорлорун даярдоочу жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаров жаңы Башмыйзамда сот эркиндиги сакталгандыгын, ал эми аткаруу бийлигине көз каранды болбой калгандыгын ырастады:

- Соттор президенттен көз каранды болбой калды. Негизги маселе так ушунда турат. Алар Жогорку Кеңештен да, жергиликтүү кеңештен да көз карандысыз.

Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов жаңы Конституция авторлору анын качан ишке киргизилерин аныктаган жобону көрсөтпөй, Башмыйзамга улай бийлик бутактарын апыл-тапыл алмаштыруу максатын коюп жатышканын ачыкка чыгарды:

- Менин чочулаганым, андай жобо эми болбойт. Эмне үчүн дегенде, айрым саясатчылар Конституциянын варианттарынын бирөөсүн кабыл алып, андан соң «келгиле, жаңы Конституцияга ылайык президент шайлайлы, Жогорку Кеңешти шайлайлы, сотторду шайлайлы» деп чыгышат. Максат – бийликти алмаштыруу. Бийликтин алмашуусу артынан кандай иштерди ээрчите келери белгилүү. Ушундай аракет болуп жатат.


Жумушчу топ жетекчиси Азимбек Бекназаров Жогорку сот төрагасын эки жылда шайлоо менен алмаштырып туруу алардын ишин жакшыртууга өбөлгө түзөрүн мисалга тартты:

- Жок, мен мисал үчүн айтып жатам. 70 жашка чейин Жогорку сот төрагасы болуп дайындалып алса «монстр» болбой эмне болот? Эч кимге отчет бербесе.

Курманбек Осмонов: - 70 жылга дегенибиз жок да. 2 жылга эмес, жок дегенде 5 жылга коюп койбойсуңарбы, же 7 жылга.

- Ошентип айтсаңыз, 5 жылга иштеп алалы деп айтсаңыз анан таптакыр чычалабай.

Курманбек Осмонов: - Биринчи жолку келатканда Жогорку соттун төрагасына 2 жыл. «Здравствуйте!»

Башкаруунун президенттик, парламенттик формалары Кыргызстан шартына туура келбестигин, ошондон азырынча аралаш системаны колдой тургандыгын «Aзаттыкка» берген маегинде парламент спикери Марат Султанов да ырастады:

- Эң негизгиси саясий кризиске кирип кетпейли деп жатам. Ошондуктан мен ойлоп атам, аралаш система партияларга да мүмкүнчүлүк түзгөн, ошол эле учурда президентке да мүмкүнчүлүк калтырган системаны жактырып жатам. Мен аралаш системаны жактап жатам.

А.Бекназаров жетектеген жумушчу топ даярдаган Конституция долбоорлору «Мезгил» гезитинде жарыяланды. Аны элге тааныштыруу жумушу август айына чейин улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG