Кайра добуш берүүнүн башында эле талапкерлер Мамат Орозбаев менен Санжар Кадыралиевдин жактоочуларынын ортосунда араздашуу чыгып, ал чоң чатакка айланып кете жаздады.
- Паспортторун айрып, сырттан келе жаткан шайлоочуларды тозуп, кайра артка айдап жатышат. Мындайча айтканда кырдаал өтө оор. Азыр кыжырланган эл бүт тегерегиндеги тууган-уругу, атчан келип, алар дагы ороп, азыркы күндө катуу бир кармашуу пайда болгондой, адамдардын каны төгүлө турган кырдаал болуп жатат. Ал эми муну жолго сала турган эки жүзгө жакын органдын, ОМОНдун адамдары барганы менен эч кандай чара көрүлгөн жок, - дейт Мамат Орозбаевдин жактоочуларынын бири Эркинбек Сыдыгалиев.
Ал эми талапкер Санжар Кадыралиевдин жактоочулары араздашуунун негизги себептерин мурдагы добуш берүүдөгү алардын атаандашынын мыйзам бузууларынан көрүшөт:
- Өзүңөргө белгилүү болуп турат го. Өлгөн адам кайсы жерде шайлоодон өтчү эле. Үч өлгөн адамды шайлоодон өткөрүшкөн. Бул чындыкпы? Ушулардан улам шайлоо курчуйт да, - деди талапкер Санжар Кадыралиевдин жактоочусу Айбек Ырсалиев.
Талапкер Мамат Орозбаевдин ишенимдүү өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, эки күндүн ичиндеги шайлоого байланыштуу араздашуулардан онго жакын адам жаракат алган. Ал эми алардын атаандаштары тарабы дагы чатакташуудан ошондой эле деңгээлде жабыркашкандыгын белгилешүүдө.
Жергиликтүү талдоочулардын айрымдары шайлоого байланышкан талапкерлердин жактоочуларынын ортосундагы тирешүүлөр уруулук деңгээлдеги араздашууларга алып келип жаткандыгын белгилишти.
- Муну жогорку жактагы адамдар туура чече албай жатышат. Ошолор чечиш керек эле. Эми биздин оюбузча ушунчага жеткенден кийин эки талапкерди тең алып ташташ керек эле, - деген оюн билдирди жергиликтүү талдоочу Кеңешбек Байсубанов.
Жергиликтүү ички иштер органдарынын жетекчилиги түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу чаралары боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты.
Ал эми округдун шайлоо комиссиясы жактоочулар ортосундагы чатактан улам добуш берүү бир канча ирет үзгүлтүккө учурап жаткандыгын билдирди.