Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ МАХМУД АХМАДИНЕЖАДДЫН БИЙЛИКТЕГИ БИР ЖЫЛЫ


Тегеранда сапар менен жүргөн Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Ирандын атомдук программасынын айланасындагы кризисти чечүү жолдорун талкуулайт деп күтүлүүдө. Анын визити Махмуд Ахмадинежаддын бийликке келишинин 1 жылдыгына туш келди.

2005-жылы 24-июнда Тегеран шаарынын мэри Махмуд Ахмадинежад Иран мамлекет башчылыгына шайланган. Ошондон бери бийликке патриоттук ураандар менен келген Ахмадинежад коомчулуктун көңүл борборунда кала берүүдө. Анын “Израилди жер картасынан жок кылыш керек” деген сөздөрү, Холокостту таңганы, Тегерандын атомдук программасынын айланасындагы тирешүү эларалык коомчулуктун тынчысздануусун жаратып келатат.

Болочок президент ирандыктардын турмушун жакшыртууга, мунайдан түшкөн пайданы катардагы жарандарга жумшоого, коррупцияны жоюуга сөз берип келди. Ага чейинки президент, реформачыл Мохаммад Хатами “мыйзамдын үстөмдүгү”, “граждандык коом” деген терминдерди көп колдонуп келсе, андан айырмаланып, Ахмадинежад эл тарабынан тез кабыл алынып, тез сиңе турган убадаларды берип, упай топтоодо.

Сурамжылоолрго караганда, президент катардагы ирандыктар арасында өтө популярдуу. Алар Ахмадинежадды жөнөкөй, элге жакын адам катары кабыл алышат, экинчиден президенттин Батыш менен тирешүүсү, патриоттук ураандары да анын популярдуулугун арттырууда.

Бирок көпчүлүк шайлоочулар президент убадаларын качан аткарат деп дале күтүшүүдө.Тегеран университетинин профессору Задех Зибакалам узак мөөнөттүү экономикалык пландын жоктугунан инфляция, жумушсуздук өсүшү ыктымал деген кооптонулардын көбөйгөндүгүн белгилейт:

- Тилекке каршы, олуттуу же конкреттүү натыйжалар турсун, Иран календары боюнча жылдын алгачкы 3 айында инфляциянын көрсөткүчү өскөнүдүгүнө күбө болуудабыз. Иш жүзүндө кооз сөздөрдөн, ураандардан тышкары Ахмадинежаддын өкмөтүндө конкреттүү жана жакшылап иштелип чыккан планы жок,-дейт профессор Задех Зибакалам

Андан тышкары президент Ахмадинежад Ирандын революциялык сакчыларынын таасирин күчөтүүдө, 1 жылдын ичинде өлкөдөгү адам укуктарынын абалы начарлады деген сын пикирлер да көбөйдү.

XS
SM
MD
LG