Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛЕГИНЕН ӨТҮҮ ОҢОЙ БОЛБОЙТ


Бүгүн же ушул жума ичинде сөзсүз Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү парламенттин кароосуна коюлмакчы. Депутаттык электен биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов, вице-премьер милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова жана өнөр жай соода министринин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов менен айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Азим Исабеков өтүүгө тийиш. Алардын парламенттен колдоо табышы, байкоочулар баамында, оңой болбойт, айрыкча вице-премьерлерге дооматтуу суроолор көп. Экинчи жагынан, бир катар депутаттар президент менен тирешүүнү курчутпай ал көрсөткөн талапкерлердин баарын бекитип берүү керек деп белгилешүүдө.

Аткаруу бийлигинин курамында май айында болгон орун алмашуулардын натыйжасында өкмөткө жаңы төрт адам кошулган. Март революциясынан кийин Бакиев жанынан калтырбай ээрчитип жүргөн белгилүү ишкер, саясатчы Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер-министрдин кызматына экинчи ирет коюлган. Ал бул кызматта былтыр жарым жыл иштеген, күзүндө аны парламент кулатып койгон. Данияр Үсөнов бул сапар, албетте, мурда кетирген каталыктарын оңдоп, ар бир депутат менен тымызын да, ачык да тил табышканга аракет кылып жатканы белгилүү.
Бирок, ошентсе да, байкоочулардын баамында, төрт өкмөт мүчөсүнүн ичинен, дал ушул Данияр Үсөновдун парламенттен өтүшү эң кыйын маселе болуп саналат. Анткени, депутаттар Кант цемент –шыйпыр заводунда, Кызыл-кыядагы жаңы курулуп баштаган цемент заводунда анын жеке кызыкчылыктары бар деп билишет. Ошол себептүү Данияр Үсөновго депутаттар арасында дооматтуу суроолор көп..

- Жанагы салынып аткан заводко ШКУнун акчасы кайсы деңгээлде, кимдин гарантиясы менен келип атат. Аралашкан бизнес жөнүндө кеп болууда. Эмне үчүн ал жерде Казакстандын банкы гарант болуп бериш керек. Сот тарабынан анын мурдагы талаш-иштери да козголууда дешет. Айтор суроолор көп. Депутаттардын элегинен оңой-олтоң эле өтүп кетишине менин көзүм жетпейт, - дейт ЖК эл аралык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Карганбек Самаков.

Социалдык саясат боюнча вице-премьер Ишенгүл Болжурова Өкмөт курамында аялдардын, андан кийин көлдүк саясатчылардын өкүлү катары эсептелет. Вице-премьер-кызматында ал март революциясынан кийин жарым жылдай иштеп кеткен. Бирок, депутаттар адатта добуш берип атканда аялдардын өкүлү экенине карашпайт.

Өкмөттүн биринчи вице-премьеринен өнөр жай, соода министри кызматына барган Медетбек Керимкулов коомчулукка саясий интригалардан алыс, чарбалык маселеден баш көтөрбөгөн ишмер катары таанымал. Былтыр күзүндө биринчи вице кызматына коюлуп атканда парламентте анча кыйналган эмес. Ал эми Айыл чарба министрлигин жетектеп жаткан Азим Исабеков чоң саясатка кошулганына аз эле болду, ошого жараша саясий жоолашкан адамдары да азыраак болушу мүмкүн. Ошондуктан, байкоочулар баамында, аталган эки министрди депутаттар оңой өткөрбөсө да, аларды кулатып салбайт болуш керек, анткени бул үчүн орчундуу себептер жок . Депутат Дооронбек Садырбаевдин пикиринде, депутаттар төрт өкмөт мүчөсүн тең эле кулатпай өткөрүшөт болуш керек, анткени, Президент менен тирешүүнү курчутуунун аларга азыр кереги жок.

Президент Курманбек Баикев өкмөттүн мүчөлүгүнө жаңы талапкерлерди кое туруп, парламент сынына күзүндө алып чыкмак болгон. Бирок, депутаттар кайра кайра маселе коюп туруп алгандыктан, алардын айтканына көнүп, бул маселени парламент каникулга тараганга чейин чечкенге макулдук берген. Депутаттардын өзүндөгү маалыматка караганда, өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн парламентте бекитүү каадасына Президент Бакиев өзү кошо катышып, өзү карап туруп, өзү көрсөткөн адамдарды кулатпай өткөрүп алган жатат.

XS
SM
MD
LG