Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

БОЛОТБЕК НОГОЙБАЕВ : КЫРГЫЗСТАНДА БАҢГИМАНДАР САНЫ 70 МИҢДЕЙ БАР


Бүгүн - 26-июнь - баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча Эл аралык күн. Ушуга байланыштуу Кыргызстандагы баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Болотбек Ногойбаев «Азаттыктын» таңкы уктурууларына чыгып маек курду. Анын айтымында, өлкөдө баңгизаттардын мыйзамсыз соодасынын көлөмү да, баңгимандардын саны да көбөйүү жолунда.Бүгүнкү күнгө карата мыйзамсыз жүгүртүүдө жүргөн 224 кг баңгизат колго түшкөн. Бул мурдагы жылдарга караганда 30 пайызга көп. Жалпы өлкө боюнча расмий каттоодо турган баңгимандардын саны сегиз миңдей. Бирок, алардын реалдуу саны 70-80 миңге чыгып баратат. Анысы аз келгенсип, баңги соодасына кынык алган кылмыштуу бизнесмендер Кыргызстандын өзүндө да пайда болууда.

- Болотбек мырза, бүгүн наркозаттарга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Андыктан сөзүбүздү ток этер жеринен баштайлы. Сиз жетектеген агенттиктин милдеттеринин бири – наркозаттардын жайылышына каршы туруу. Кыргызстан аймагынан кармалган героин менен апийимдин көлөмү соңку жылдары азайган жок, барган сайын өсүүнүн гана үстүндө десек туурабы?

- Туура. Бүгүнкү күнгө биздин агенттик гана 224 кг. наркозатын алдык. Былтыр 24-марттан кийин бөлөк иштер менен иштеп калганбыз. Ошон үчүн былтыркы жылды айтпаганда, андан мурдагы жылдарды карап көргөндө наркозаттар 30 пайыздай көбөйдү.

- Көлөмдүн өсүшү эмнеге байланыштуу. Кыргызстан транзиттик өлкө экендигинеби, же наркобизнес менен алектенгендердин саны көбөйүп жатканына байланыштуубу?

- Бул жерден бир эле транзиттик мамлекет үчүн эле наркозаттар көбөйүп жатат дегенде болбойт. Бир жагынан транзиттик өлкө болуп калганыбыз чын, экинчи жагынан биздин кыргыздардын ичинде наркобизнес менен алектенгендер пайда болуп атат. Бизде Тажикстандан көчүп келген тажик жарандар бар, мурда кылмыш кылып жүргөн кылмышкерлер да азыр баңгизатка направление алып, бизнес өткөрүп атышат. Андан тышкары бизде наркозатты пайдаланган кишилердин арасында ар кандай оорулар да көбөйүп атат. Беш жыл мурда учетто 500 эле киши болчу. Алардын саны быйыл 8 миңге чыгып кетти. Бул официалдуу түрдөгү кишилер, ал эми коркуп качып, жашырынып жүргөндөр канча. Калп айтпасам азыр баңгизатын колдонгондордун саны 70-80 миңге чыгып баратат.

- Демек, буга себеп болгон факторлор көп экен. Ал эми Кыргызстанда ташылып жаткан жүктүн баардыгы эмес, бир бөлүгү эле кармалып жатса керек да, туурабы, өтүп кеткендер да бир топ да?

- Өтүп кеткендер да бир топ. Биз Ооганстандан чыккан вагондорду көзөмөлдөп турабыз, бирок андан сырткары кыскараaк жолдор да бар, мисалы Тажикстандан бул жака, анан Өзбекстандан Казакстанга өтүп кеткен жерлер бар да. Алар Бишкекке чейин алып келип, бул жерден кайра ары тартканга узагырак болуп атат.

Душанбе-Москва, Москва-Хoджент, Ленинабад-Москва деген поезд жолдор чыкты. Жайында жер-жемиштердин астына салып Москвага, Челябинскиге машиналар менен көп баңгизаты кетип атат. Россиянын баңгизатка каршы күрөшүү департаменти, топтор бар биз алар менен кошулуп операцияларды өткөрүп атабыз. Быйыл Прибалтика, Латвия, Литва менен иштеп 100 миң таблетка, 24 кг. психотроп заттарды, героиндерди алдык. Чындыгында Кыргызстан азыр Батыш Европанын ортосунда турган калкан болуп калдык.

Тектеш

XS
SM
MD
LG