Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:59

ИРАН БАКУБАТ АЛТЫ ӨЛКӨНҮН СУНУШУН ТАЛКУУЛАГАНГА ДАЯР


Амирбек Усманов, Прага Ирандын ядролук программасынан улам чыккан чатакты жөндөөгө Түркия да тартылды. Бул маселени Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл ядролук сүйлөшүүлөрдөгү Ирандын башөкүлү Али Ларижани менен жекшемби күнү талкуулады. Иран уранды байытуудан баш тартуусу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия 7-июнда атайын сунуш жасашкан эле. 25-июнда Иран тарап береги сунушка байланыштуу айрым маселелерди талкуулоого даяр экенин тастыктады.

Ишемби күнү кечке жуук Тегеранга ырасмий сапарга келген Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Ирандын ядролук программасына байланыштуу кризисти саясый жол менен жөнгө салууну колдой турганын баса белгиледи:

– Түркия коңшулаш жана дос өлкө катары Ирандын ядролук проблемасын жөндөө үчүн дипломаттык жактан колдон келген бардык аракетин жасайт.

Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрдөгү башөкүлү Али Ларижани 25-июнда Абдулла Гүл менен болгон сүйлөшүүдөн кийин, ал жакынкы күндөрү Евробримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана менен Батыштын ядролук сунушуна байланыштуу “айрым проблемаларды” талкууларын билдирди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө жана Германия чогуу жасаган береги сунушка ылайык, Иран урандан изотоп 235-ти алуу менен чектелет. Маалымат булактарынын ырасташынча, бул изотоп электр энергиясын өндүрчү реактор үчүн гана колдонулуп, андан атомдук бомба жасоо мүмкүн болбойт. Тегеран сунушка көнсө, өлкөгө европалык жана россиялык коопсуз технология, анын ичинде жеңил кычкылтекте иштөөчү реакторлор сатылат.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер ишемби күнү
ирандык коллегасы Манучер Мутаки менен Берлинде өткөн кездешүүдө сунушту Тегеран макул тапса, уранды байытууну “саалыкпай” токтотууну талап кылды:

- Биз үчүн сүйлөшүүлөр кайра башталганга чейин абалды тактап алуу өтө маанилүү. Мен буга чейинки сүйлөшүүлөр маалында жасаган кайрылуумда кайталап, Иранды жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн уранды байытууну токтотууга чакырам.

Бирок, Манучер Мутаки анын өлкөсү алдын ала шарты айтылган сүйлөшүүгө ынынбасын эскертти:

-Биз алдын ала шарты жок сүйлөшүүнү колдойбуз. Биздин көз карашыбызча, проблема менен эл аралык коомчулуктун кабардар болгону абдан маанилүү.

Мутакинин айтымында, Иран жетекчилиги алты бакубат өлкөнүн сунушунда айрым олуттуу жактары бар жана анын кээ бир жоболору тактоого муктаж деп санайт.

XS
SM
MD
LG