Конференциянын ачылышын утурлай Куралдарга көзөмөл кампаниясы деп аталган коалиция атайын доклад жарыялады. Документтеги маалыматтарга ылайык, азыр дүйнөдө Калашников автоматы жана анын жаңыртылган түрлөрү эң көп таралган. Алардын саны жалпы эсепте 70 миллиондон ашат. Калашников автоматы менен бери эле дегенде 82 мамлекеттин армиясы жабдылган,алар төрт континенттеги он төрт өлкөдө жасалып чыгарылат. Африканын айрым өлкөлөрүндө аны 30 долларга сатып алса болот. Демократиялык Конго республикасындагы ич ара согушта колдонулган курал-жарактардын 60 процентке жакыны Калашников автоматы болгон.
Улуттар Уюмунун майда куралдар аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча аракет программасынын төрагасы,Шри-Ланканын элчиси Прасад Кариявасамдын айтымында, быйылкы конференция баарыдан мурда атма куралдардын жайылышын жана сатылышын кыскартып, миңдеген кишилердин өмүрүн сактап калуу максатын көздөп отурат. Өткөн кылымдын 90-жылдарында дүйнөнүн элүүгө чукул аймагында тутанган жаңжалдардын 47синде жалаң майда куралдар колдонулган. Улуттар Уюмунун атайын аракет программасы кабыл алынган соңку беш жылда эле майда куралдардан бир миллион адам опот болду.
Көзөмөл кампаниясынын докладында автомат,тапанча жана башка ушул сыяктуу жеңил атма куралдарды дүйнөдө Кытай,Россия жана АКШ баарынан көп жасап, экспортко чыгарып жатканы айтылат.Украинада, Чехияда, Албанияда аскери арсеналда турган мындай куралдардын саны алардын реалдуу керектөөлөрүнөн бир канча артыкчылык кылат.
Улуттар Уюмунун аракет программасына кошулган өлкөлөр майда куралдардын улуттук, регионалдык жана глобалдык масштабдагы аткезчилигине каршы күрөштү күчөткөнгө убада беришкен. Женевалык таанымал эксперт Кит Краюс майда куралдардын мыйзамсыз соода-сатыгын натыйжалуу көзөмөлдөө үчүн адегенде легалдуу курал-жарактар системасын, алардын мыйзамдуу жасалышын, мыйзамдуу сатылышын бекем контролдоо зарыл деп эсептейт. Башка эксперттердин айтымында да курал-жарак соодасына адистешкен фирмалар менен ишканалардын көбү улуттук мыйзамдардагы кенемтелерден пайдаланып жатышат.
Нью-Йорктогу конференцияда ушул жана башка тармактарда көзөмөлдү күчөтүүнүн жолдору талууланат, жаңы сунуштар айтылат.