Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

ПАСЕ : АКШНЫН АГЕНТТЕРИ ЕВРОПАДАН АДАМДАРДЫ УУРДАГАН


Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) террорчу деп шектелген адамдарды америкалык тыңчылар Европада мыйзамсыз уурдап, камакка алгандыгын катуу сынга алган отчетту талкуулап, кабыл алды. Швециялык дипломат Дик Марти тарабынан жазылган отчетто мындай мыйзамсыз иштерде европалык 14 өлкө Кошмо Штаттары менен кызматташканы айтылат.

27-июндагы угууларда Дик Марти чыныгы тергөө жүргүзүүгө өзүнүн мандаты болбогонун, бирок негизги шектенүүлөрдү ырастаган фактылар жетиштүү экендигин бышыктады:

"Чет элдик тыңчылар Европадан адамдарды уурдашканбы? Ооба, уурдашкан. Муну сот системасы ачык-айкын аныктады".

Дагы бир риторикалык суроого жооп берип жатып Марти айрым европалык өкмөттөр мыйзамды бузуп, америкалык чалгын агенттиктерине шектүү адамдарды өткөрүп беришкенин, же америкалык чалгынчылар ишке ашырган камакка алууларга тымызын жардам көрсөтүшкөнүн билдирди:

"Бардык мыйзам эрежелерине карабастан,– Европа боюнча адамдар Кошмо Штаттарынын агенттерине өткөрүлдү беле? Алар кийин айыпкерлер кыйноого алынган өлкөлөргө же ушул биз отурган залда бир жыл мурда сындалып, айыпталган Гуантанамо убактылуу камоо жайына жөнөтүлдү беле? Ооба, жөнөтүлгөн."

Мартинин болжолунда, АКШ өкмөтүнүн талабы менен Европадан 30тан 50гө чейинки сандагы киши уурдалган. Алар кийин АКШнын камак жайларына жеткирилген же сурак берүү үчүн башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Булардын басымдуу көпчүлүгү европалык өлкөлөрдүн теги араб атуулдары же туруктуу жашоочулары болушкан.

Отчетто Польша менен Румынияда бир мезгилде АКШнын Борбордук чалгын кызматынын камак жайлары болгондугу тууралуу ишенимдүү фактылар бар экендиги айтылат. Документтин автору отчетту даярдоого жардамдашкан акыйкаттык системасынын өкүлдөрүнө, мурдагы жана учурдагы чалгын кызматкерлерине, бей-өкмөт уюмдарга жана журналисттерге ыраазычылык билдирди. Бул тизмеде өкмөттөр жок болуп чыкты. ПАСЕнин талкуусунда Европа Парламентинин тергөө комитетинин төрага орун басары Жем айрым өлкөлөр кыйноо практикасына байланыштуу башка өлкөлөрдөн дипломатиялык ишендирүү алуу менен гана чектелгени туура эмес экендигин айтып өттү.

Арийне, ПАСЕнин, Европа Парламентинин же Европа комиссиясы мүчө-мамлекеттерди отчетто келтирилген фактыларга байланыштуу кандайдыр бир чара көрүүгө мажбурлай алышпайт. Ошондуктан, Европа комиссиясынын вице-президенти Франко Фраттини белгилегендей, азыркы максат - мындай окуялардын келечекте кайталанышына жол бербөө гана болуп саналат.

XS
SM
MD
LG