Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИН ДЕЛЕ КОРРУПЦИЯНЫН КЫЛЫ КЫЙШАЙБАДЫ


Кыргызстанда коррупция дале күчүндө. Былтыркы март ыңкылабынан кийин мурдагы бийлик тушундагы коррупциялык иштерге жана экс-президент Аскар Акаевдин дүйнө-мүлкүнө байланыштуу козголгон чуулгандуу иштердин көпчүлүгү жабылып же токтоп калды. Бул тууралуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаровдун бүгүн Жогорку Кеңешке берген маалыматында сөз болду.

Депутаттарга маалымат берген Азимбек Бекназаров комиссия март ыңкылабынан кийин козголгон чуулгандуу делген иштердин азыркы абалын иликтегенин, натыйжада алардын көпчүлүгү токтоп калганын белгиледи. Аталган комиссия төрагасы алгач Кумтөр алтыны боюнча түзүлгөн келишим кыргыз коррупциясынын башаты болгонуна токтолду:

"Кыргызстанда коррупция 1992-жылдын 4-декабрында кыргыз өкмөтү менен Камеко корпорациясы башкы келишимди түзгөн күндөн башталат. Кыргызстан ушул келишимдин негизинде болжол менен 700 млн. доллардан ашуун зыян тартат бүгүнкү күндө. Акаевдин өкмөтү жашырып келген бул фактылар боюнча ыңкылаптан кийин кылмыш иши козголуп, күнөлүүлөр белгилүү экенине карабай ревизия бүткөн жок деген шылтоо менен былтыр сентябрда токтотулган".

Чуулгандуу делген иштер боюнча бир саатка чукул маалымат берген Азимбек Бекназаров акырында бийликке бул иштердин баарын ушул жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүүнү сунуштады:

"Бардык иштер 2006-жылдын 1-сентябрына чейин бүткөрүлүп, сотко берилиши керек. Акаевдин жана анын жакындарырын объектилерин, жер участокторун тактап, мамлекетке өткөрүү жана ачык аукциондо сатуу. Не дегенде ал имараттар кандайдыр бир жолдор менен тымызын азыркы бийликтин жакындарына өткөрүлүүдө".
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG