Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

«АККУУ, ЧАЯН, ЧААР БАЛЫК»


Үч жыл илгери Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму ички иштер министрлигин реформалоо үчүн атайын программаны ишке киргизген. Быйыл президент жарлыгы менен сот, мыйзам коргоо органдарын реформалоо концепциясын иштеп чыгуучу комиссия түзүлдү.

«Арнамыс» партиясынын жетекчиси Эмил Алиевдин ырасташынча, ички иштер кызматын соңку реформалоо аракети 2002-жылкы айтылуу Аксы окуясынан кийин башталган. Бирок да аны жалгыз бөлүп алып өзгөртүү аракетинен майнап чыгышы кыйын.

- Ички иштер органын өзүнчө реформалоо, ага өзүнчө жобо иштеп чыгуу аягында кыйынчылыкка кабылат. Себеп дегенде, кийин ал болочокто болчу сот-мыйзам сактоо системасын реформалоого туура келбей калышы мүмкүн.

Эмил Алиев ушу тапта ички иштер министрлиги жалаң көрсөткүчтөрдү жакшыртуу аракетин жасап, анын айынан криминалдык жагдай курчугандан-курчуп баратканын белгиледи.

Кыргызстандагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн абалы абыдан начар экенин, көпчүлүк эл андан кабарсыз калып жатканына парламент депутаты Кубатбек Байболов да токтолду. Ал Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоого көмөк көрсөтүү программасы жалаң жазуу иштери менен гана чектелип калганын сынга алды. ЕККУнун ички иштер органдарын реформалоого көмөк көрсөтүү программасына үч жыл ичинде 5 миллион евро акча сарпталганын программанын координатору Евгений Черенков кабарлады.

Кубатбек Байболов буга чейин Кыргызстанда аркыл багыттагы 150 программа иштелип чыгып, анын бир да бирөө толук ишке ашырылбаганын мисалга тартты. Мыйзам сактоо органдарынын өзү мыйзам бузуучулардын башында турган мамлекеттик кызматка айланды, деп айтты К.Байболов.

- Биз түп-тамырынан өзгөртпөй эле мурдагыны азыноолок оңдоп-түзөө менен алектенип келатабыз. Кайсы бир башкармалыкты жоюп, башкасын түзөбүз, негизи мурдагыдай эле калууда.

Мыйзам коргоо органдарын реформалоо башка күч кызматтары менен биргеликте жаңыланышы керектигин, бул ишти чогуу-чаран аткаруу зарылдыгын Башкы прокурордун мурдагы орунбасары Нурлан Жээналиев да ырастады.

- 1998-жылдан бери эле реформа, реформа деп келатат. Баарын чогуу, комплекстүү кылбаса анда бул сөз боюнча эле кала берет. Реформа деп концепция жазганга, программа түзгөнгө тапшырманы ошол ИИМдин өзүнө берип коюп жатышпайбы. Анан ким реформа жасайт? Эч ким жасабайт.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Ички иштер органдарын реформалоо программасындагы улуттук өкүлү Шамшыбек Мамыров бул ишти министрликтин өзү эл жасаганы оң деп эсептейт.

- Менин баамымда жакшы эле болду го деп ойлойм. Бул боюнча атайын дүйнөлүк эксперттер да келип жыйынтык чыгарып кетишти. Бул үч жыл ИИМ үчүн сыноо болду, ал эми ЕККУнун программасы тажрыйба берди.

Ички иштер министрлигин реформалоо жөнүндө 1998-жылдан бери эле кеп болуп келатат. Бул аралыкта эчен комиссиялар түзүлүп, концепция, программалар сыноодон өттү. Азырынча андан алгылыктуу натыйжа чыга элек. К.Байболов ушу тапта иштелип жаткан күч кызматтарын реформалоо концепциясы 20-июлга чейин коомчулуктун сыноосуна коюларын билдирди.

XS
SM
MD
LG