Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

АКШ ӨКМӨТҮ МЕНЕН ЭРКИН ГЕЗИТТЕР ОРТОСУНДАГЫ ТИРЕШҮҮ КҮЧӨП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы күндөрдө америкалык гезиттер өкмөттүн антитеррордук аракеттери тууралуу бир нече маалымат жарыялагандан кийин, президент Жорж Буш жана вице-президент Дик Чейни "Нью-Йорк таймс" гезитин катуу сындап чыкты. Эксперттердин айтымында, мындай тирешүү - АКШ өкмөтүнө болгон жалпы элдин ишеним азайып баратканы менен байланыштуу.

22-июнда "Нью-Йорк таймс"- президент Буштун өкмөтү банк эсептери менен байланыштуу ири көлөмдөгү жашыруун маалыматтарды пайдаланганы тууралуу жазып чыккан. Ал программа жөнүндө анын эртеси "Лос-Анжелес таймс" жана "Уолл стрит жорнел" гезиттери да жазып чыкты. Программа - Брюссел шаарында жайгашкан SWIFT деп аталган эл аралык банк коомунун маалыматтарын пайдалануу менен байланышкан жана журналисттердин жазышынча, террорчуларды издөө менен кошо миңдеген жөнөкөй жарандын банк маалыматтары дагы каралып, алардын укуктары бузулган.

Буштун айтымында, ал маалымат ачыкка чыккандыктан улуттук коопсуздукка зыян тийди: "Ал программанын ачыкка чыгып кеткени өтө кейиштүү. Ал тууралуу маалыматты журналисттерге айткан кызматкерлер жана аны жарыялаган гезит Америка Кошмо Штаттарына зыян тийгизди", - деп билдирди Буш сыналгы аркылуу чыгып сүйлөгөндө.

"Нью-Йорк таймстын" баш редактору Билл Келлердин айтымында, алар өкмөт менен байланышкан жана мамлекет жетекчилери андай маалыматты жарыялабоону суранган, анткени чет мамлекеттик банктар АКШ менен кызматташуусун токтотуп салышы мүмкүн болчу. Бирок, Келлердин айтымында, банктар кол коюлган өз ара келишимдер жана мыйзамдарга жараша кызматташууга милдеттүү, ал эми эгер бул кызматташуу мыйзамсыз болсо, анда ал чындап эле токтотулуш керек.

Эксперттердин айтымында болсо, мындай тирешүү АКШ өкмөтүнө болгон жалпы элдик ишеним азайып баратканы менен байланыштуу. Мисал үчүн 1961-жылы АКШ өкмөтү Кубага каршы жашыруун аскерий операция даярдап жатканда, ал тууралуу "Нью-Йорк таймс" гезити маалымат казып чыгып жазалы дегенде, ал кездеги президент Жон Кеннеди журналисттерден суранып, операция башталганча эч нерсе жазбоону суранган жана гезит макул болгон. Бирок кийин бийлик менен журналисттер ортосундагы мамиле анчалык ишенимдүү болбой калды, акыркы жылдарда болсо бузулду.

1960-жылдардагы Ветнам согушу учурунда америкалык журналисттер бир нече аскерий операция тууралуу жазып чыккан, кийин "Уотергейт" окуясы боюнча журналисттер жүргүзгөн иликтөө болсо президент Ричард Никсондун 1974-жылы кызматтан кетишине алып келген.

2001-жылдын сентябрынан тартып АКШ өкмөтү айрым жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн соттун макулдугусуз тыңшаганы тууралуу маалыматты "Тайм" журналы алгач казып тапкан, бирок өкмөт андай маалыматты жарыялабай турууну сурангандыктан, журнал бир жыл бою күткөн. Анткен менен, анын жетекчилигинин пикиринде, өкмөт өз аракеттерин улантып, жарандардын укуктарын бузууну уланткандыктан жана ага мыйзамдык негиз болбогондуктан, журнал макаланы 2005-жылдын аягында жарыялаган жана анда дагы чоң чатак чыккан.

XS
SM
MD
LG