Экс-спикер Абдыганы Эркебаев келерки президенттик жана парламенттик шайлоого чейин өлкөнүн тынчтыгы, саясий туруктуулугу үчүн бир келишимге келүү үчүн сентябрда бийликти, оппозицияны, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн жолугушууга чакыра тургандыгын билдирди. Ал жолугушууда ошондой эле экс-президент Аскар Акаевдин ишине саясий баа берилип, аны жөн-жайына коюу маселеси коюларын маалымдады. Эгерде бийлик мындай сунушка макул болбосо Конституциялык реформаны элдин талкуусуна коюп, аны менен катар президентке жана премьер-министрге ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө маселеси козголоорун, жаңы Конституция кабыл алынары менен президентти, парламентти шайлоо керек.
Эркебаевдин айтымында, президент Курманбек Бакиевдин эки жылда өлкөдө өнүгүү башталат деген убадасынан бери 15 ай өтсө да эч кандай өзгөрүү жок.
"Негизги кемчилиги, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан кандай абалда? Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эмне кылуу керек? Кандай кылганда оор кырдаалдан чыгабыз?- деген өзүнүн стратегиясы жок болуп атат. Анын ичинде саясий-экономикалык болсун, административдик реформа болсун бүгүн бирди айтат, эртең башканы айтат, сөз менен ишти айкалыштырбай атышат",- деди Абдыганы Эркебаев.
Экс-спикер азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүү аракеттерин колдоорун, бирок бул маселе системалуу түрдө чечкиндүү жүрбөй жаткандыгын белгиледи. Анын пикиринде коррупция менен күрөшүү үчүн бийлик башындагылар таза болушу керек.
Ал эми президент Курманбек Бакиев буга чейинки жыйындардын биринде бир же эки жылда коррупцияны жоюуга дегеле мүмкүн эмес экендигин мындайча сыпаттаган эле.
"Коррупция бардык тармактарга жайылып кеткендиги жашыруун эмес. Бирок аны бир-эки жылдын ичинде түп тамыры менен жоюп жиберүү мүмкүн эмес. Азыр коррупцияга каршы күрөшүүдө бизди эл аралык донорлор, уюмдар колдоо көрсөтүүдө. Булардан жемиштүү натыйжа болот",- деген эле Курманбек Бакиев
Экс-спикер Абдыганы Эркебаев маалымат жыйынында азыркы бийлик мыйзамдуулукту сактабаганынан менчик мүлктөрдү басып алууга жол берилип, кызматка дайындоодо тууганчылык, жердешчилик болуп жаткандыгына токтолду.