Улуттар уюму менен Америка Кошмо Штаттары россиялык дипломаттардын өлтүрүлүшүн кескин айыпташты. Апта соңунда террордук топтун колунан курман болгон төрт россиялык дипломат ушул айдын башында Багдаддын көчөсүнөн барымтага кармалып кеткен болучу. Апта соңунда өзүн чечен согушкерлери менен шериктеш болгон топ деп атаган куралчандар дипломаттардын өлтүрүлүшүн видеотасмага жаздырып алышып, интернеттен көрсөтүштү.
Мындан мурдараак Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул киши өлтүрүүнүн жоопкерчилигин Ирактын өкмөтү менен АКШ баш болгон коалициялык аскерлерге жүктөгөн. Россиянын Улуттар уюмундагы өкүлүнүн орун басары Константин Долгов бул киши өлтүрүүнүн жоопкерчилиги жөнүндө документтин долборунда айтылбаганын билдирди.
"Билдирүүнүн долборунда биз бул киши өлтүрүүнү кескин сындап, Ирактын өкмөтү менен коалициялык күчтөрдөн Иракта иштеп жаткан чет элдик дипломаттардын коопсуздугуна кепил болуусун талап кылдык. Коопсуздук кеңеши терроризмге каршы күрөшүүгө мындан ары да чечкиндүү аракет кылаарын мурдараак дагы бир жолу ырастаган",- деп айтты Долгов.
Ал эми Британиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Эмир Жоунс Перри бул билдирүүнүн долбоорун Россиянын өкүлү менен бейформал түрдө талкуулап чыкканын жана документтин коопсуздук кеңешинде кабыл алынышы үчүн аракет кыла турганын айтты.
"Мен теманы алар менен талкуулап чыктым жана Россиянын бул аракеттерин колдойм",- деди британиялык дипломат.
Анын аралыгында, 28-июнда Россиянын Мамдумасы Ирактын өкмөтү менен коалициялык күчтөргө кайрылып, окуяны иликтеп, айыптууларды жазага тартууга үндөдү.
"Террор менен зордук-зомбулук Ирактын күнүмдүк жашоосунун кадыресе көрүнүшү болуп калды, ал эми өкмөт менен оккупациялык күчтөр абалды көзөмөлдөн толук чыгарып жиберүүнүн алдында турушат",- деп айтылат Думанын билдирүүсүндө.
3-июнда россиялык дипломаттарга жасалган кол салуунун натыйжасында Россиянын Ирактагы элчилигинин үчүнчү катчысы Федор Зайцев менен элчиликтин кызматкерлери Ринат Аглиулин, Анатолий Смирнов жана Олег Федосеев барымтага кармалып кеткен эле. Кол салууда Виталий Титов деген кызматкер курман болгон. 19-июнда барымтачылар россиялык бийликтерге ультиматум коюп, Чеченстандан аскерлерин чыгарып кетүүнү жана колго түшкөн чечен согушкерлердин баарын бошотууну талап кылышкан. Болбосо барымтадагы туткундарды өлтүрөбүз деп кекенишкен. Ультиматумдун мөөнөтү соңуна чыккан соң террористтер туткундарды өлтүрүп салышканын жарыялашты. Кийинчерээк туткундардын өлгөнүн ырастаган видеотасма интернет аркылуу көрсөтүлдү.