Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

КУРШАБДАГЫ ШАЙЛООНУН ТАГДЫРЫН КАНДАЙ ЧЕЧЕРИН БОРШАЙКОМ БИЛБЕЙТ


Шайырбек Эркин уулу Өткөн жекшембиде эки тараптын тирешүүсүнөн улам добуш берүү токтоп калган Куршаб шайлоо округундагы Түзбел участкасында эми кайра шайлоо өткөргөнгө мыйзам жол бербейт. Бул окуя боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөлөрүнүн натыйжасында маселени Жогорку Кеңеш карап, өз баасын берген соң гана БШК бир чечимге келет. Бул тууралуу бүгүн БШК мүчөлөрү өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

№39 Куршаб шайлоо округунун Тузбел участогунда болуп кайткан БШКнын жумушчу тобунун мүчөлөрү маалымат жыйынында добуш берүү кандайча үзгүлтүккө учураганы тууралуу айтып беришти. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун айтымында, укук коргоо органдарынын маалыматынан соң гана БШК жыйын өткөрүп, бул маселе боюнча бир чечимге келет. Ал эми БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева бул талаштуу маселеге Жогорку Кеңеш өз баасын бериши зарылдыгын белгиледи:

"Мыйзамда жазылбаган иш болуп кетти. Эми мыйзамды чыгарган Жогорку Кеңеш маселени карап, депутаттар кырдаалга өз баасын бериши керек. Ошондон кийин гана биз карап чыгабыз".

Аталган округдан депутаттыкка шайланган Мамат Орозбаев бүгүн берген маалымат жыйынында жогорку бийликте анын депутат болушун каалабаган адамдар бар экенин, шайлоого бийлик тараптан кийлигишүү болгонун билдирген эле. БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева да ушундай кийлигишүү болгону байкалганын айтат:

"Ошол жердеги аялдар тобу Жылдыз Жолдошева чыгып кетсе гана шайлоо башталсын дегенинен улам РИИБ башчысы келип, мени кадимкидей чыгарып кетип атканда ушундай болгонун (бийликтен кийлигишүү) байкадым. Анан тартып аткан журналисттерди да укук орган өкүлдөрү кете бергиле дептир. Мен албетте президент же премьер-министр кийлигишти деп ойлобойм. Бирок ошол жердеги кырдаалдан улам окуянын артында бийликте түзүк эле орунду ээлегендер бар окшойт деген жыйынтыкка келдим".

Добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу атаандашы Санжарбек Кадыралиевдин алдыга койгон максаты болгонун белгилеген Мамат Орозбаев бүгүн берген маалымат жыйынында калыс чечим болбосо шайлоочулары нааразылык чараларын баштаарын белгиледи:

"Азыр менин шайлоочуларым да, биз да эми чыдабайбыз, биз дагы жолдорду жабабыз, же жүрүшкө чыгып, Бишкекке чейин барабыз деп жатышат. Эгер калыс чечим кабыл алынбаса билбейм, арты кандай болот?"

Аталган участкада кайра шайлоо Жогорку соттун бул участкадагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарган чечимине ылайык өтмөк болгон. Бирок эки талапкердин жактоочуларынын тирешүүсүнөн улам шайлоо ушинтип үзгүлтүккө учурады.

Куршаб округунда 23-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен БШК өткөн айда Мамат Орозбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган. Шайлоодо жеңилип калган анын атаандашы Санжарбек Кадыралиев БШКнын мындай чечимине каршы сотко кайрылган болчу.

Cүрөттө : Куршабда Санжарбек Кадыралиевдин жактоочулары шайлоонун таза өтпөгөнүнө нааразы болуп, май айында Өзгөн-Ош жолун бир топ күн тосуп жатышкан.

XS
SM
MD
LG