Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

ПАЛЕСТИНАДАГЫ НЕГИЗГИ ЭКИ КЫЙМЫЛ КЕЛИШИМ ТҮЗҮШТҮ


ФАТАХ жана “Хамас” топтору көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү маселеси боюнча келишимге жетишти. Бул кабарга эл аралык коомчулук назарын бура баштады, анткени көпчүлүк байкоочулар палестин мамлекетин түзүү Израилди таануу маселеси менен тыгыз байланыштуу дешет. Еврокомиссия ушул мааниде тараптардын келишимин кубаттады. Кошмо Штаттары болсо азырынча кандайдыр бир тыянак жасоо эртелик кыларын эскертүүдө.

Жетишилген келишимди тараптар тарыхый кадам деп аташты. Документ баарыдан мурда автономиянын премьери Исмаил Хания жетектеген хамасчылар менен президент Махмуд Аббастын ФАТАХ фракциясынын ортосундагы ич ара саясий күрөштү жөнгө салууну көздөйт. Келишимди айрым байкоочулар Израилди таануу жышааны таризинде баалашкан эле. Бирок палестин министри Абдул Рахман Зидан ырастагандай, Израилди таануу тууралуу маселе талкууланган жок.

Ал эми Махмуд Аббастын жардамчысы Ясер Абед Раббо хамасчыларды айыптап,бул кыймыл өз аброюн сактап калуу үчүн тек гана “сөз менен ойноп жатканын” белгиледи.

АКШнын региондогу мурдагы атайын өкүлү Эдвард Уолкер келишимдин тексти менен таанышкан экен, кечээги кабарды комментариялап, хамасчылар Израилди тааныганга макул болбой турганын ырастады. Келишимди,Уолкердин ишениминде,Израил да тааный албайт,АКШнын президенти да кабыл алалбайт.

Вашингтондо Ак үйдүн өкүлү Тони Сноу келишимден өзгөчө деле эчтеме көрбөгөндүгүн айтып,”Хамас” жетектеген азыркы палестин өкмөтүнө Жакынкы Чыгыштагы төрт сүрөөнчү макулдашкан саясаттын негизинде мамиле жасаларын бышыктады.

Ошентсе да келишимди Евросоюздун тышкы мамилелер боюнча комиссары Бенита Ферроро-Валднер айым иштин башталышына жоруду. Автономияда азыр бийлик башында турган фракцияларды еврокомиссар зобун-зомбулук ыкмаларынан баш тартып, мурдагы келишимдер менен милдеттенмелерин кыйкымсыз аткарууга чакырды.

Фатахчылар менен хамасчылар жетишкен келишимде 1967-жылдагы чек аралардын негизинде палестин мамлекетин түзүү каралган. Мунун өзү хамасчылардын позициясына өтө жуук же ошонун өзүн билдирет. Хамасчылар Израилди оккупацияланган аймактардын эсебинен түзүлгөн, палестиналыктардын келечек муундары баары бир өз жерлерин кайтарып алат, Израил үчүн эч кандай жер калбайт деп эсептешет.

Аналитиктердин айтымында, келишим 26-июлга белгиленген референдумду танык кылуу максатын көздөгөн кадам сыяктанат. Референдумду Аббастын фракциясы сунуш кылып, хамасчылар каршы чыккан эле.

Фатахчылар менен хамасчылардын саясий келишими израил-палестин мамилелериндеги кезектеги тирештин фонунда жетишилди. Жекшемби күнү туткундалып кеткен жөөт солдатын куткарып алганы Израил армиясы Газа тилкесинде операция өткөрүп жатат. Өткөн түнү райондогу көпүрө жана электр станциясы бомбаланды, армиянын негизги бөлүктөрү Рафах шаарына жакын жерге жайгаша баштады.

XS
SM
MD
LG