Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 09:50

КЫТАЙЛЫК ОКУМУШТУУЛАР ЧЫНЧЫЛДЫКТЫ ЭҢСЕШЕТ


Товарларды тез жана көп санда чыгарган Кытай күн санап чын эле дүйнөлүк фабрикага айланып келатат. Бир эле учурда өлкө келечекте өнүккөн технология өнөр-жайын курууну максат кылат, ал эми бул үчүн инновациянын же жаңы идеялар менен ойлоп табуучулукутун мааниси зор. Арийне, соңку мезгилде илимпоздордун арасында илимий алдамчылыктын өскөндүгү байкалууда. Окумуштууларды жана профессорлорду өз атын чыгарыш үчүн калп айтууга эмне түртөт, мунун кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

Кыргызда жылкыга тийгендерди баатыр дебесе да, кылмышкер санаган эмес, бүгүн коррупциянын болуп көрбөгөндөй кулач жайышы ушундан болуп жүрбөсүн?
Ал эми Кытайда кытайлар бүгүн да пир туткан Конфуций "бирөөнү туураган кошоматчылыктын эң таза түрү" деп айткан. Бирок бүгүнкү заманда алдамчылык Кытайдын эл аралык беделине көлөкө түшүрүп жаткан окшобойбу, муну кытайлык окумуштуулар өздөрү да моюнга алышууда.

Сөзүбүз куру болбосун, ушул аптада Шанхайдагы Тоңжи университетинин биология факультетинин деканы Йаң Жие өпкө рагын айыктыруунун жаңы жолун таптым деп жалган жарыялаганы үчүн иштен алынды. Өткөн айда ушул эле аймактагы Жиао Тоңдун университетинде профессор Чен Жин компютердик чиптин жаңы түрүн ойлоп таптым деп алдаганы үчүн ушул эле тагдырга туш болду. Кошмо Штаттарында билим алып келген Чен мурдатан Кытайдагы өнүккөн технологиялар тармагынын сүймөнчүгү болчу жана анын долбоорун негизинен өкмөт каржылаган. Ушул өңдөнгөн жаңжалдардан улам, кытайлык белгилүү окумуштуулардын 80 пайызы илимий этика жаатында Кытайда абал оор деп эсептешээрин соңку сурамжылоо көрсөттү.

Буга дагы бир мисалды алсак, март айында Бейжиндин Тсингуа университетинин медицина бөлүмүнүн профессору Лиу Хуи илимий жетишкендиктерин жана иш тажрыйбасын ашыра көрсөткөнү үчүн кызматсыз калган эле. Кытайда көп кишилердин ысымдары бир бирине окшош, көрсө профессор ушундан пайдаланып, башка бир Лиу дегендин изилдөөсүн өзүнүкү катары көрсөтүп койгон экен.

Бул тууралуу "Жаңы агым" деп аталган вебсайта айтылат. Бул сайт 2000-жылдан бери илим жаатындагы 400 көз боечулуктун бетин ачты. Көп окумуштуулар ак жерден караландык дешкени менен, вебсайттын редактору Фаң Жузини азырынча эч ким сотко бере элек.

"Коррупция же алдамчылык тууралуу белгилүү болгондо, тийиштүү департаменттер жана университеттер дароо көз карандысыз комиссия түзүп, иликтөө жүргүзүшү керек" деп эсептейт Фаң.

Айткандай эле, Кытайдын билим берүү министрлиги 30 кишиден турган атайын комиссия негиздеди. Билим берүү министри Жои Жи окумуштууларды изилдөө этикасын так сактабаса, тийиштүү чаралар көрүлөт деп эскертти жана бардык университеттерди алдамчылык, көз боемочулук жана плагиат учурларына олуттуу көңүл бурууга чакырды. Март айында 100 чакты окумуштуу изилдөө жаатындагы плагиатчылыкты жоюнун жалпы улуттук механизмин иштеп чыгууга чакырган кат жарыялашкан эле.

Беш жылдык план боюнча Кытай 2010-жылга чейин изилдөө иштерине улуттук дүң өндүрүшүнүн 2 пайызын сарптамакчы. Өткөн жылы бул көрсөткүч 1.3 пайыз эле. Бирөөнү туураганды кошоматчылыктын туу чокусу деп санаган Конфуцийдин мындан 2 жарым миң жыл мурдагы накыл сөзүнө карабастан, окумуштуулардын көбү башка бирөөнү тууроо – адепсиздик жана алдамчылык экендигин моюнга алышат. Айтылган айрыкча, илимий изилдөөлөргө мамлекет улам көбүрөөк каражат берип жаткан бүгүнкү күнү өзгөчө актуалдуу. Себеби ал каражатты бөлүштүрүүдөгү мүчүлүштүктөр да адеп-ахлак стандарттарынын начарлашына түрткү болуп жатат.
XS
SM
MD
LG