Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

ТЕАТР ӨНӨРҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЗДЕНҮҮ ЖОЛУНДА


Жай мезгили келип театр сезону аяктап жатканына карабастан сахна чеберлеринин тыным алуу жөнүндө ойлору жок. Чолпонатада Борбор Азия театрларынын биринчи “Аземи-2006” театр фестивалы жана жаңы жазылган пьесалардын экинчи жармаңкеси өтүүдө. Ал эми Ош кыргыз драма театры эл аралап гастролдо жүрөт.

Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры театралдык сезонун жапты. Анын алдында өзбек драматургу Сайид Акматтын пьесасына коюлган “Күйөө бала” аттуу спектаклин тартуулашты.Театрдын жетекчиси Кыргызбай Осмоновдун айтымында театрдын репертуарында драма, трагедия жанрындагы спектаклдер көп болгондуктан мына ушул комедияны сахналаштырышкан.
Күзүндө театрдын сексен жылдык мааракеси белгиленет, андыктан артистер мына ошол иш-чарага жана сезондун ачылышына даярдыктарды көрүшмөкчү.

Ош облустук Султан Ибраимов атындагы кыргыз драма театрынын артисттери учурда түштүк аймагында гастролдоп жүрүшөт. Тактап айтканда алар Алай жана Чон Алай райондорунун элдерине Жеңишкүл Өзүбекованын “Тозок” аттуу спектаклин көрсөтүшүүдө. Аны менен катар Рысбай Абдыкадыров атындагы филармониянын артисттери да облустун райондорун кыдырышып, концерттик программасын тартуулашууда. Мына ушул сапар артисттер эс алууга чыгышат. Ал эми август айынан тарта эгемендүүлүк майрамына жана сезондун ачылышына карата даярдыктарды көрүшөт. Ош облустук маданият башкармалыгынын жетекчиси Исрадин Аманбаевдин айтымында сентябрь айларында Султан Ибраимов атындагы кыргыз драма театрынын артисттери Султан Раевдин драмасына коюлган “Кашар” аттуу спектаклдин бет ачарын тартуулашат.


Учурда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия театрларынын биринчи “Аземи-2006” Ысык-Көл театр фестивалы жана жаңы жазылган пьесалардын экинчи жармаңкеси өтүүдө. Аталган фестивалга Тажикстандан Маяковский атындагы орус драма театры жана Куляб театры, ошондой Казакстандан театрлар келишти. Мындан сырткары жергиликтүү Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалуу театры, “Учур”, Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрлары да катышууда. Фестивалдын талабына ылайык бир өлкөнүн авторлорунун пьесаларын башка бир мамлекеттин театрлары сахналаштырып коюшууда. Алсак, Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры тажик драматургу Жума Кудустун пьесасына коюлган “Ханды ойнойбуз” аттуу спектаклин, Казакстандан келген Жамбыл атындагы чыгыш казак театры Женишкүл Өзүбекованын “Толгоо” спектаклин, ал эми кыргыз драматургу Чынара Калыбекованын пьесасынын негизинде коюлган “Үмүт” спектаклин Тажикистандын Куляб театры көрүүчүлөрдүн сынына коюшууда.



Будапешт ачык коом институту, Ысык-Көл облустук администрациясы жана өнөр жай соода жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан бул фестивалдын максаты чыгармачылык байланышты чындоо, тажрыйба алмашуу ошондой эле Ысык-Көлдү даназалап, туризм тармагын өнүктүрүү. Андыктан фестивалдын жеңүүчүлөрүнө эс алуучу жайларга жолдомолор тапшырылмакчы.

Фестиваль келерки жылы да улантылып, анда бул жолку өткөн жарманкеде тандалган пьесалардын негизинде сахналаштырылган спектаклдер көрсөтүлөт.
XS
SM
MD
LG