Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

КОНДАЛИЗА РАЙС КАБУЛДА БОЛДУ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс шаршемби күнү Кабулда бир күндүк визит менен болду. Ооганстанга келер алдында ал Хамид Карзайды “кыйын президент” деп мактады. Кабулга Райс коңшулаш Пакистандан келди. Исламабадда ал эки өлкөнү талиптерге каршы күрөштө күч-аракеттерин бириктиргенге чакырды.

Кондализа Райстын визити Карзайдын өкмөтү үчүн маанилүү учурга туш келди. Байкоочулар көп провинциялардагы абалды көзөмөлдөгөнгө Кабулдун кудурети жетпей, Ооганстан терең коонун кырында тургандай таасир калтырат дешет. Соңку кездерде талиптер активдешип, кагылыштарда жана башка кооп-козголоңдо быйылкы жылы эле жүздөгөн адамдар набыт болду, эл аралык коалиция да жоон топ жоокерин жоготту. Ушундай шартта Кондализа Райстын Кабулга келиши Карзайга көрсөтүлгөн колдоо болду.

Карзай менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Райс азыркы кырдаалды мүнөздөп, Ооганстан менен Пакистанга,ошондой эле Кошмо Штаттарына бир эле душман кастарын тигип отурганын,андыктан көңүлдү ошолорго топтоо зарылдыгын белгиледи. Душмандар адегенде Ооганстанды ичтен бүлүнтүп, анан АКШда террордук балаамат жасады, андан соң Пакистан президентин тындым кылганга аракет кылышты,эми алар Ооганстандын жайкын калкына кол салып жатышат, деп айтты Райс. Бирок душмандар өз максатына жете албасына Райс бекем ишенич билдирди жана талиптердин режими кулагандан берки процесстерге жакшы баа берди.

Президент Карзай да бул сөздөргө кошулду. Террористтер оогандыктарга мүмкүн болгон бардык ыкмалар менен сокку урганга умтулууда, бирок бул урушта өлкө жеңишке жетүүдө. Мунун далили деп Карзай өлкөнүн азыркы абалын атады. Карзай ийгиликтер менен бирге олуттуу проблемаларга да токтолду.

Сүйлөшүүлөрдө өлкөдөгү коопсуздук кырдаалы сөз болду.Быйыл күзгө чейин түштүк Ооганстанга НАТОнун, эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн бөлүктөрү жайгаштырлып бүтөт. Ооган армиясы менен полициясын чыңдоо жагынан да жардамдар көрсөтүлөт.

Кондализа Райс “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда президент Карзай менен өтө пайдалуу сүйлөшүүлөр өткөргөнүн, тараптар аракеттердин жалпы стратегиясы боюнча тил табышканын белгиледи.

Мындан тышкары Райс Пакистан да террорчуларга каршы согушуп жатканын, Вазирстанга,чек ара жуук райондорго он миңдей аскерин жайгаштырганын бөлүп көрсөттү. Шейшемби күнү Исламабадда президент Первез Мушарраф менен жолуккан кезде Райс коңшулаш эки өлкөнү террорчуларга каршы күрөштө күч-аракеттерин бириктиргенге чакырган эле.

Түштүк Ооганстанда кыйчалыштап кеткен кырдаалдан улам Кабул менен Исламабад быйыл кер-мур айтышып калган эле. Талиптердин отряддары Пакистан тараптан ооп келүүдө, ошондуктан ооган бийликтери коңшулаш өлкө чек арадагы абалды көзөмөлдөй албай жатат же исламчыл лашкерлерди атайылап эле оогандыктарга айдактап жатат деп эсептешет. Пакистан болсо муну караманча четке кагып, кайра Кабул бийликтерин айыптаган болчу.

XS
SM
MD
LG