Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:06

АМЕРИКАЛЫКТАР КОСМОСКО КАЙРАДАН КЕМЕ УЧУРУШАТ


Үч жылдан бери биринчи жолу Кошмо Штаттары кайрадан космоско кемесин учуруп жатат. Дискавери чөлмөгү ишембиде обого көтөрүлмөкчү. Буга чейинки чөлмөк 2003- жылкы катастрофага учурагандан кийин, Кошмо Штаттарында космос кемелери кондурулуп коюлган эле, бирок азыр Улуттук Космос агенттиги учуунун ийгиликтүү болоорунан ишеним билдирүүдө.

Мындан үч жыл мурда Колумбия чөлмөгү асманга учуп чыккан маалда, кыртышы сыйрылып, чөлмөктүн бир ыптасында жайгашкан Орбитердин канатына тийген эле. Орбитер кийин Жерге кайтып келатканда, эски жарака ачылып, кеме ичиндеги бардык астронавттары менен күйүп кеткен эле. Эми дагы бир чөлмөк – бул ирет Дискавери ишемби күнү ичиндеги жети астронавт менен ааламды көздөй сызганы турат.

Астронавттардын бешөө эркек, экөө - аял. АКШнын түштүк-чыгышында, Флорида штатындагы учуруу жайында маанай көтөрүңкү. Бул тууралуу НАСАнын маалымат катчысы Трейси Йаң билдирди:

Бул миссия ийгиликтүү болот деп абдан ишенебиз, Ишемби күнкү учурууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Аба-ырайы түзүк болсо болду.

Дискавери уча турган 43 сааттык мөөнөт 28-июнда башталды. Чөлмөк жергиликтүү убакыт боюнча 1-июлда таңкы саат 4тө, беш мүнөттүн ары-берисинде учуп кетиши керек. Трейси Йаңдын айтымында, миссиянын максаты чөлмөктүн коопсуздугун бекемдөө чараларын иш жүзүндө текшерүү болуп саналат. Айрыкча, чөлмөктүн сыртында жалгашкан май куючу бакты бекемдөөгө көп аракет жумшалган.

Дискавери Жерди айланып учуп жүргөн Эл аралык Космос бекетине барат. Анда азыр америкалык жана орусиялык эки учкуч бар.

12 күн ичинде Дискаверинин эки мүчөсү 6 жарым саат космосто болуп, Орбитердин түбүн жана канаттарын текшеришет. Адистер космос чөлмөгүн баштан-аяк коопсуздандыруу мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Британиядагы Бристоль университетинин Инженердик аэронавтика бөлүмүнүн кызматкери Марк Хемпселл болочок учуунун ийгиликтүү болооруна ишенет:

Менимче, алар өздөрү да ишенимдүү турушат. Ийгиликти 100 пайыз кепилдөө мүмкүн эмес, дизайндын түп-негизиндеги каталарды да 100 пайыз тууралаш мүмкүн эмес, бирок алар кеменин коопсуздугу үчүн баарын жасашты деп ойлойм.

Дискавери менен эл аралык бекетке Европалык космос агенттигинин астронавты Томас Райтерди жеткирип барышат. Ал азыр бекетте жашаган Павел Виноградов менен америкалык Жеффри Уиллиамска барып кошулат.
XS
SM
MD
LG