Министрлер негизинен июлдун ортосуна белгиленген саммитте көтөрүлө турган маселелерди карады. Алар - Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрү, Жакынкы Чыгыш, Ооганстан жана Ирактагы абал, Косово маселеси жана башкалар. Өзгөчө көңүл батыш мамлекеттерин мунай жана газ менен камсыз кылуу маселесине да бурулду. Маскөөгө чогулган министрлерди президент Владимир Путин дагы кабыл алды.
5-июлда Европа Биримдигинин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавьер Солана жана Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани жолугууга тийиш. Маскөөдө аны менен байланышкан Иран маселеси дагы талкууланды. АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын айтымында, Иранга Батыш мамлекеттери тарабынан жасалган сунуштарга Тегеран ошол 5-июлдагы жыйынга чейин жооп берүүгө тийиш: "Биз Ирактын жообун, расми жообун күтүп жатабыз. Ал жооп орчундуу болууга тийиш. Ларижани мырза менен Хавьер Солана 5-июлда жолугуш керек. Ошондон кийин биз эмне кылууну чечебиз", - деди Райс Маскөөдө.
Акыркы мезгилде Маскөө менен Вашингтон ортосунда айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер чыгууда. 15-17-июлда Санкт-Петербург шаарында өтө турган жыйында карала турган эң негизги маселелердин бири - кубат маселелери болоорун орус президенти Владимир Путин өзү мурда айткан. Бирок дал ошол маселе боюнча акыркы жарым жыл ичинде дүйнөлүк коомчулук Орусиянын өзүн сындап келатат. Жана ал тууралуу Маскөөдөгү жыйында Райс айым дагы айтты:
"Көптөгөн өлкөнү кубат менен камсыз кылган Орусия үчүн - кардарлар менен кеңири жана ишенимдүү сүйлөшүү жүргүзүгөнү жакшы болот. Андай иштерде ар бир тарап ишенимдүү болууга тийиш жана ал иштерге саясий себептер менен байланышкан маселелер кошулбаш керек. Бул тууралуу АКШ гана эмес, башка тараптар дагы тынчсызданууда", - деди Райс.
Жаңы жылдын алдында Орусия Украинага газ берүүнү токтоткондуктан, көптөгөн европалык мамлекет жапа чеккен жана Европа аны - саясий себептер менен байланыштырган. Маскөөдөгү жыйында Жакынкы Чыгышта акыркы күндөрү өтө курчуп кеткен абал дагы талкууланды жана барымтага алынган жөөт аскерин бошотууга чакырык жасалды.