Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:35

БАТЫШ СУНУШТАРЫНА ИРАН АВГУСТТА ЖООП БЕРЕТ


Нарын АЙЫП, Прага Маскөө шаарында 29-июнда эң өнүккөн сегиз мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү жана ал жолугушууда АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс - Батыш жасаган сунуштарга Иран 5-июлга чейин жооп берүүгө тийиш деп билдирди.

Маскөөдө көтөрүлгөн маселеге Тегеран ошол эле күнү Нью-Йорктон жооп берди. Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияда маселеге кайрылып, ал сунуштар Тегеранга берилгенде, эч кандай мөөнөт коюлбаганын баса белгиледи: "Мен дагы бир жолу кайталайм - Иран ислам жумурияты ал сунуштарды өтө кылдат карап жатат. Тегеранга Солана мырза келгенде, биз эч кандай мөөнөт тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз", - деди министр Нью-Йоркто.

5-июлда болсо Европа Биримдигинин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавьер Солана менен Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани жолугууга тийиш. Бирок министр Моттакинин айтымында, жооп августта гана берилет: "Жасалган сунуштар боюнча бизде айрым суроолор бар жана кээ бир түшүнбөөчүлүктөрдү такташ керек. Андай маселелер Солана мырза менен боло турган жыйында жөнгө салынышы мүмкүн. Биздин жооп тыкан иштелип чыгыш керек, ал үчүн убакыт талаптуу, ошондуктан жооп августта жасалат деп гана айтса болот, бирок августтун башындабы же аягындабы - аны мен азырынча айта албайм", - деп билдирди Манучер Моттаки.

Ал сунуштар АКШ, Алмания, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын тышкы иштер министрлери Вена шаарында 1-июнда өткөргөн жыйында иштелип чыккан жана аларды Хавьер Солана 6-июнда атайын Тегеранга келип, Иран жетекчилигине тапшырган. Сунуштар боюнча, эгер Иран уран байытуу иштерин токтотсо, Батыш өлкөлөрү ага жеңил сууда иштеген эң алдыңкы үлгүдөгү өзөктүк реакторлорду берет.

Андан тышкары, Иранга - бир топ экономикалык жеңилдиктер жасалат, ага Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө жардам көрсөтүлөт жана Иранда колдонулган америкалык учактарды алмаштырууга мүмкүнчүлүк ачылат. Ирандын авиациясы мурда негизинен америкалык үлгүдө түзүлгөн, бирок 26 жылдан бери эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамиле болбогондуктан, учактар эскирип бүткөн. Шанхай шаарында 15-июнда орус президенти менен жолукканда, Иран президенти Махмуд Ахмадинежад ал сунуштарды жалпысынан оң баалаган.

XS
SM
MD
LG