Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

ИЗРАИЛ ГАЗАДА ОПЕРАЦИЯСЫН КЕҢЕЙТҮҮДӨ


Израил өткөн жекшембиде туткунга алынган солдатын бошотуп алганы палестин өкмөтүн катуу өмгөккө ала баштады. Автономиянын өкмөтүн жетектеген хамасчылардын бир нече министрлери менен парламенттеги 20дай депутаты өткөн түнү Раммалада кармалды. Буга катарлаш Израилдин согуш учактары Сирияда президент Башар Ассад жашаган резиденциянын үстүнөн учуп өткөнү кабарланды. Эл аралык коомчулук кризистин курчуп кетишинен чочулап, региондогу кырдаалга тынсыздануусун билдирүүдө.

Израилдин аскери жетекчилери “Хамастын” баары болуп 60тан ашуун ырасмий өкүлү кармалганын ырасташты. Алардын ичинде автономиянын өкмөтүндөгү жоон топ хамасчы министрлер,парламент спикери, 20дан ашуун депутат бар. Кийинчерээк автономиянын вице-премьери да камалганы дайын болду. “Хамастын” өкүлү Мисир ал-Машир Израилди кескин айыптап, өкмөттүн жана парламенттин мүчөлөрүнө жасалган мындай мамилени эл аралык кылмыш, палестин элине каршы жарыяланган ачык согуш деп баалады.

Израил тарапты палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас да айыптады. Президенттин атынан анын жардамчысы эл аралык коомчулукка кайрылып, кырдаалга кийлигишүүгө чакырды.

Шаршемби күнү Сирияда президент Башар Ассаддын резиденциясы үстүнөн Израилдин согуш самолеттору бута атым аралыкта учуп өтүшкөнү кабарланган эле. Бейшемби күнү сириялык өкмөттүн вице-премьери муну төгүндөп, кокус мындай адиса болгондо өлкөнүн куралдуу күчтөрү жөөт учактарын сөзсүз атып түшүрмөк деп ырастады. Сирияда “Хамастын” башкы төбөлдөрү, анын ичинде кыймылдын баш катчысы Халед Мешаал баш калкалап турушат.

Газада израил армиясынын операциялары уланууда. Аскерлер палестин радикалдары кармап жаткан ефрейтор Гилад Шалидди туткундан бошотуп алууну көздөп жатышат. Экинчи бир туткунду – он сегиз жаштагы Ашери аттуу жөөт жигитин радикалдар өлтүрүп салышты.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Газа тилкесиндеги кагылыштардын жалпы регионго жайылып кетүү коркунучун эскертти. Израилдиктер өз солдатын туткундап кеткендерди тапкысы келип жатканын түшүнсө болот, деп айтты Аннан. Бирок операция маалында жайкын калк жабыр тартпагыдай оролдо аракеттенүү зарыл. Аннанды Израил премьери Эхуд Олмерт аскерлер колдон келишинче сабырдуу болоруна ишендирди. Буга кошумчалап Олмерт Газаны кайра оккупациялап алганга Израилдин ниети жоктугун да ырастады. Газадан израил армиясы былтыр жай этегинде чыгарылган эле.

Региондогу кырдаалга кайрылып,Вашингтондо шаршемби күнкү маалымат жыйынында Ак үйдүн өкүлү Тони Сноу өзүн жана өз жарандарын коргогонго Израилдин укугу бар экенин белгиледи. Ошол эле учурда кандай гана аракет жасабасын, Израилди АКШ бейжазык калктын коопсуздугун кепилдөөгө, менчик жайларды же инфраструктуранын обьекттерин кыйраткандан сак болууга чакырат, деп айтты Сноу. Бейшемби күнү Евросоюз да региондогу кырдаалга байланыштуу катуу камтамачылык билдирип, Жакынкы Чыгышка атайын өкүлүн жиберүүнү чечти.

XS
SM
MD
LG