БИШКЕК.Бүгүн «Ак-кеме» мейманканасында «Жерүй" алтыны: Келечеги жана проблемалары» деген темада коомдук талкуу болду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана эксперттер катышты. Талкууда "Жерүй" кенин иштетүүдө чыгып жаткан проблемалар козголду. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңеш аталган кенди иштетүүгө ачык тендер аркылуу укук берилиш керектигин жактаса, өкмөт "Жерүйдүн" айланасында түзүлгөн юридикалык чатактар тендер өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын билдирүүдө.