Израилдин ички иштер министри Бар-Он сокку жөнүндөгү маалыматты бышыктап, жөөт аскери азат кылынмайынча чабуулдар улана берет деп билдирди.
19 жаштагы жоокер өткөн жекшебиде палестин согушкерлери тарабынан туткундалып кеткен.
Кечээ Телавив Израилдин абактарынан палестиналык 1 миң туткунду бошотуу талабын дагы бир жолу четке какты.
- Израилдин туруму айдан ачык, Гилад Шалит токтоосүз жана шартсыз кое берилиши керек. Биздин турумубуз Европа биримдигинин, АКШнын позицияларынан айырмаланбайт. Аскерибиз бошотулса, абал, албетте, оңоло баштайт, - деп билдирди Израилдин тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Марк Регев.
Жума күнү жөөт учактары палестиналыктардын машыгуу лагерлерине, согушкерлер Израилдин аймагына ракета атуу үчүн пайдаланып келген жолдорго сокку урушту. Бирок, ири чабуул баштоого буйрук бериле элек. Газа тилкесине жакын жерде бир нече күндөн бери израилдик бөлүктөр топтоштурулуп турат.
30-июнда БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул сессияга чогулуп, Израилдин аскерий операциясын талкуулады. Палестинанын БУУдагы байкоочусу Рияд Мансур эларалык коомчулукту чабуулду айыптоого чакырды:
- Чабуулдун масштабы, Израилдин баскынчы күчтөрү Газада жүргүзгөн жүйөөсүз бүлгүн палестин элине каршы багытталган аскерий агрессиянын алдын ала пландалганынан кабар берет.
Дипломаттардын ырастоосунда, жөөт аскерин бошотуу үчүн ортомчулук кылып келаткан Египет Сирияны Хамаска кысым көргөзүүгө көндүрүүгө аракеттенүүдө.